"ЖАНЫМ АПАМ"

Журогумдун арманы жаным апам,
Конулумдун кайгысы жаным апам,
Жанымда гана журсонуз болбойт беле,
Жашоо эмне мынча кыйын жаным апам.
Татаал тагдыр барган сайын татаалдашат,
Журогумдо сагынычым толуп ташат,
Сагынычымды кандырчы жаным апам,
Жыттап сагынычым кансынчы апа.
Тагдырымдын мага берген сыноосу,
Кантип журок сизди ойлобой койсун,
Жаным апам жанымдын жыргалы элениз,
Жаным апам журогумдун арманысыз.
Дуйнодо ыйыксыз жаным апам,
Кыздары учун жанын берген апам,
Сизден артык байлыгым жок эле дуйнодо,
Сиз жок эми кантип омур суробуз апа.
Кундо кайгы капа кун отот,
Сизди эстебеген тунум отпойт,
Бактылуу кунум эми качан келет,
Сизди мен качан корот экенмин.
Жаным апа сизди аябай сагындым,
Сагынам бирок тагдырга багынам,
Бактылуу кун магада бир кун келээр,
Мандайыма жазылганын кором мен.
Апасыз бул жашоодо жашоо кыйын,
Апам жок деп айтуу ото кыйын,
Апаны барында суйуп кадырлагын,
Отуп кеткенде окунуп ыйлабагын.
Окуном жаным апа окуномун,
Жанымда жоктугунузга окуномун,
Жаным апам деп эркелеген досторума,
Суктанамын эркелеткен апасына.
Жанымда аппак жуздуу апакем жок,
Конулумдо маанайым жок кулкум жок,
Комузумдан муукамдуу бир ун чыгат,
Эстейм апа сенин кара козунду деген.
Муукамдуу ыр журогумду ыйга салды,
Ырдасам козумдон жаштар тамды.
Эстейм апа сиздин айткан создорунузду,
Эстеген сайын журогум муунга толду.
Муукамдуу ун кайрыгы муунга салып,
Комузумду куулонтуп кууго салат.
Комузумдан кайгылуу арман ырлары чыгат,
Козумдон кайгы жаштары тамат.
Билсениз апа кыялымдан эч кетпейсиз,
Кыялымда сиз дайыма мени мененсиз.
Кыялымда энсейм дайым эркелоону,
Алтын кызым деп эркелеткенсип журосуз.
Жакшы кунумдо жанымда болбосонунуз,
Жаркылдап жанымда журбосонуз,
Сыпай суйлоп эркелетип журбосонуз,
Ыйлай берем кайгымды ичке жутуп.
Кимге айтам журоктогу арманымды,
Кимге айтам журоктогу сырлармды,
Айтсам эгер ким ишенмек арманыма,
Айтып буткус журоктогу сырларымды.
Жазып жатам журоктогу арманымды,
Сыяга малып аппак барак дептерге,
Арман каптап журогумду кыйнады,
Коздорумдон арман коз жашы тамды.
Апа деген соз айтсам апалар уну жанырат,
Апа деген соз уксам, коз жашым суудай агылат.
Апакем деп эркелесе кимдир бироо,
Эстеп алып изчтен сыздап ыйлаймын.
Эгер апа сизда жанымда болгонунузда,
Эркелейт элем менда сизге кубанып,
Эстейм апа, кундо сизди эстеймин,
Эстеген сайын элесимден эч кетпейсиз.
Ырымды ырдасам укпайсыз,
Туболук келбес жактасыз,
Ыр жазып сизге арнасам,
Кайрылып келе тургансыз.
Ардагым менин алтыным апам,
Алыстап кеттиниз менден качан?
Журогум сыздайт сезсениз апа,
Жашоодо жашайм сиз деп гана апа,
Сагынып кутуп ай жылдар отту,
Ырымды уксаныз кана эми апа,
Журокто сактаган сырларымды,
Бир келип уксаныз кана эми апа.
Мен журом сизге ырлар жазып,
Журоктогу арманымды ырга айлантып,
Эгер сиз жанымда болгондо апа,
Эссиз апа мынчалык окунбойт элем.
Эмне мынча жашоо кыйын болот,
Эмне мынча турмуш татаал болот,
Перзенттинен айрыса апасыны,
Жашоонун бар бекен анда кызыгы.
Мейли апа журоктогу арманым болун,
Мейли апа конулумдун чогу болун,
Журогундогу арман-кайгыга багынган,
Кызыныздын асыл заттуу апасы болун.
Жайыныз жаннаттан болсун жаным апам,
Арбагыныз колдосун жаным апам,
Ападан ыйык бул дуйнодо зат жокко,
Жашоонун жыргалын корбогон асыл апам.
Жашоодо айтылбаган сырларымсыз,
Жашоодо жазып жургон ырларымсыз,
Журогумдо сактап жургон арманымсыз,
Маанайымдын чогуп турган кайгысыз.
Билем апа бул баары бир жалган дуйно,
Отуп кеткен апакем тирилип келбейт уйго,
Откон кундор кайрылып келбейт кайра,
Апакем да мага тирилип келбейт анда.
Арманга салып сизден мени айрыган,
Тагдырыма мен аябай таарынам,
Айла канча тарынгандан пайда жок,
Суранарым оо жараткан атакемден айрыба.

"ЖАНЫМ АПАМ" - 804932725534

Комментарии

Комментариев нет.