АДАШКАНДАР.

2-КИТЕП.14-БӨЛҮМ.
Ички үйдөн арабанын дөңгөлөктөрүнүн аста кыйчылдаганы угулуп, апасы чыгып келди:
- Кайда бардың, балам? – деди санааркагандай.
- Жакшылыкка белек алып келдим.
- Эмне белек?
- Бүгүн туулган күнү да, апа.
- Айтып кетпейсиңби, ботом. Жанагы кыздар да кечикти. Деги, суук көзгө чалдыкпай, аман-эсен жүрсөңөр экен...
Апасы андан ары унчуккан жок. Ырыскандын антип түйшөлгөнүнүн жөнү бар эле. “Самаган түрмөдөн чыгыптыр”, - дегенди уккандан бери анда жан жок. Бу саам да ошону ойлоп, өткөн-кеткен эсине түшүп кеткендей, көкүрөгүн титирете улутунуп койду.
Мээрим болсо колундагы эшик-терезеси ачылып, пульт менен иштеген оюнчук машинени айланта карап отуруп, Жакшылыктын апасын эстеди.
Керээз эже экөө мындан туура алты жыл мурун, так ушул күнү төрөт үйүнөн жолугушкан.
Төрөт залында Мээрим улам түйүнчөктөй түйүлүп, жерге ооноп жата калып, ичинин ооруганы басыла түшкөндө кайра ыргып туруп, бар азаптан кутулгандай жаны эс ала түшүп,бирок кайра эле бир убакта баягы оору кайра башталып... кара терге түшүп, балбаалап ыйлап, Кудайга үнү жетип “апалап” жатса, жанындагы эрдин кырча тиштенип, кээде-кээде гана керебеттин башын кош колдой мыкчып, оор онтоп ийип, кайра: “Ох-х!..” – деп жаны жай ала түшүп, толготуп жаткан жакшынакай ак саргыл аял:
- И-ий, алтыным, ай! Кичине-кичине чыдасаң, баары артта калат. Анан ымыркайыңды көргөндө ушунун баарын унутасың, – деп ага боору ооруп, атүгүл демди кантип жутуп, кантип чыгарыш керек экенин айтып жаткан.
Экөөнү креслого да чогуу алып чыгышкан. “Биринчи төрөтү эмеспи” дегендей, доктурлар адегенде Мээримди төрөтүшкөн. Энелик бакыттын башаты кайда экенин ошондо түшүнгөн ал. Боюнан бошоп, сөөгүнөн өтүп жүлүнүнө жеткен оорудан кутулганына жаны жыргап, саамга магдырай түшүп, бирок бат эле кайра башын көтөрө коюп баласын издеген.
Буга чейин анда мынчалык сезим болгон эмес. Албетте, кээде-кээде, курсагындагы бала кыбырап атса, ичинде бала бар экенин ойлоп, тулку боюнда кандайдыр бир башкача сезим “дүр-р” деп кетчү. Бирок ошол замат эле баягыл каргашалуу караңгы түндөгү өгөй атасынын дардайган жылаңач элеси, ошондогу жагымсыз ирмемдер элестеп, ичиндегини жек көрүп, жанын коёрго жер таппай, калчылдап кетчү!.. Жер сабап, албууттанып, бакырып-өкүрүп, өзүнүн курсагын өзү ургулап ийчү адат тапкан...
Бу жолу эмнегедир башкача болду. Башын көтөрүп, тээ тигинде ак чүпүрөккө оролуп, кыймылсыз жаткан баласынан көзү өтүп, эмнегдир колуна алгысы, атүгүл жыттагысы келип кеткен.
Ошол убакта дарыгерлер Жакшылыктын апасын тегеректеп, төрөтүп жатышкан. Аңгыча баланын: “Ба-а!” – этип баркыраганы угулуп, ак халатчандар кара чачтуу, тарбалаңдаган ымыркайды этек алдынан тосуп ала коюшуп, энесинин көкүрөгүнө жаткыра коюшкан.
Ошондо гана Мээрим эсине келген: “Эмнеге?! Эмнеге менин балам минтип баркыраган жок? Эмнеге менин баламды тигинтип, көкүрөгүмө беришкен жок?!”
Жаңы эле жарык дүйнөгө келе калып, оозун чөрмөңдөтүп эмек издеп жаткан баланы, анан да баласын жыттап, бактылуу жылмайып жаткан энени көрүп, Мээримдин көкүрөгү диртилдей түшкөн.
Ошол күнү түштөн кийин доктурлар ага эркек төрөгөнүн, бирок бала өлүк түшкөнүн айтышканда, же кубанаарын, же ыйлаарын билбей нестейген.
Бирок ал ошондон эки-үч сааттан соң өпкөсү-өпкөсүнө батпай, буркан-шаркан түшүп ыйлаарын, жана эле өзүнө ылым санап, боору ооруп, бирге толготуп, бирге төрөгөн жагымдуу аялдын антип, өзүнүн ордуна жашоого уулун калтырып, о дүйнөгө узап кете берерин билген эмес.
Төрөт үйүнүн ичинде бир убакта дарыгерлер дары-дармектерин көтөрүп, ары-бери чуркап, дүрбөлөң түшүп калышкан.
Көп өтпөй эле коридордон аялдардын, эркек кишинин уңулдап ыйлаганы угулуп..!
- Ий, бечара келин! – деп палатадагылар кеп кыла башташкан, - Эртең менен эле жакшынакай болчу...
- Бул канчанчысы экен?
- Экинчиси. “Биринчим кыз, үчкө чыгып калды” деп аткан.
- Эмне болуптур анан?..
- Кан басымы жогору болчу. “Жакшынакай туруп эле, заматта асмандап кетет”, - деп аткан. Төрөп атканда деле жакшы болчу экен...
- Жанындагылар айтып атпайбы: “Төрөп келгенден кийин деле жакшына болчу. Ысык чай ичип, “уулум атасына окшош экен” деп эмизип отуруп эле “шалак!” этип чалкасынан кетти” деп.
- И-ий, бечара. Күйөөсүнө деле кыйын болуп атат го.
- Убактылуу кыйналаар. Андан кийин үйлөнүп алат да. Өлгөндүн өзүнүн эле шору!
- Күйөөсүн силер деле билсеңер керек, тележурналист бар го, алиги... Эрмек Асанов деген.
- Ии, ошо бекен күйөөсү?
Алардын сөзүн бирде укса, бирде укпай, же өзүнүн ымыркайы үчүн ыйлап жатканын, же бечара аял үчүн, же өткөн-кеткен бүт күндөрү үчүн ыйлап жатканын билбей, жедеп жашы соолуп, бети-башын бекем чүмкөп алып, алы кеткиче ыйлаган Мээрим. Аялдар да адегенде жайына коюшуп: “Мейли, ыйлап алса жеңилдеп калат”, - деп тим коюп, акырында улам бири жанына келип:
- Мээрим, болду эми ыйлаба. Жаңы эле боюңдан бошондуң... Минтип ыйлай берсең жатының күйүп кетпейби. Дагы төрөйүн деген оюң барбы?
- Ооба десең, анан калса өзүң бала болуп турбайсыңбы! Кой, ыйлаба! – деп сооротуп кетип жатышкан.
Эртеси кечке маал сүт тээп, эки эмчеги ысып-күйүп, чатырап чыгып, саай албай отурса, дарыгерлер:
- Мээримка, Кудай үчүн эмизип койчу, өзүң да жеңилдеп каласың?.. – деп апасыз калган наристени көтөрүп келишкенде, эмчек издеген ымыркайды колуна кантип алып, кантип бооруна кысканын өзү да билбей калган. Дене бою балкып, ошондо эмизип да, ыйлап да жатпады беле!
- Ыйлабай эмиз! – деген жанындагы ак халатчан мээримдүү, жумшак үн катып. – Ошонун баары балага таасир этет...
Баланын үй-бүлөсү бечара келинди жайына коюп, антип-минтип келгиче он беш, жыйырма күндөй убакыт өткөн. Ошол күндөрү Мээрим да төрөт үйүндө болуп, баланы эмизип, ага кадимкидей байланып калыптыр.
Эми ойлосо, ошондо Мээрим Жакшылыкка эмчек сүтүн берсе, Жакшылык ага жашоого болгон үмүтүн, сүйүүсүн кайрып бериптир. Болбосо, ал үчүн жер үстү жалаң гана ыпыластыктан тургандай, көзүнө эмне болбосун, ким болбосун суук көрүнүп, ансайын туталанып, тумчугуп, колунан келсе ааламды астын-үстүн аңтарып жиберчүдөй каны кайнап, буту-колу тырышып, жаак эттери түйүлүп чыкчу!..

АДАШКАНДАР.2-КИТЕП.14-БӨЛҮМ. - 836058267678

Комментарии

Комментариев нет.