18-БӨЛҮМ. Ажар эртеси эрте жолго чыгып кетти: "Ушинтип эркелетип багып жатса мени эне катары көрмөк беле, менин энелик укугум тебеленди, эми мен Эркингүлгө эне эмесмин, эне эмесмин!" деп ыйлап баратты… Арадан үч-төрт күн өткөн. Эркингүл Ажар алып келген саатты караган да жок. Анткени анын колунда күмүштөн сааты бар болчу, ал өзүнө жакчу. Ошон үчүн ал белек анын көңүлүн бурган да жок. Аида терезеде турган саатты ала коюп: "Белекке берсе болчудай экен, жок дегенде төрт, беш жүз сом турат болуш керек, бүгүн барчу туулган күнгө алып барып койойун" деген ойдо аны колуна кармап: "Эркингүлдөн бир ооз сурап койойун" деп сырткы үйгө чыгып келатып колунан түшүрүп алды. Жерге түшкөн сааттын арты ачылып тегеренип кетти. Аида эңкейип саатты алып артын жаба койойун дегенде аерде жабышкан ак кагазды көрдү да көңүл бура калып карады эле анда: "Эркингүл, мектепти бүтүшүң менен куттуктайбыз, ата-энең Сапар, Ажар" деген жазууну окуп делдейип эле туруп калды. Көрсө кагазды салганда чала жабылып калган экен: "Кызык, бул аял эмне эле көп келет десе мында бир иш бар тура. Эркингүлдү мынчалык эмне жакшы көрөт десе…" деп делдейе кагазды колуна кармап мыкчып туруп калганда Эркингүл алдынан чыга келди: - Мама, мен базарга чыгып келейинчи? - деди эркелей. - Барсаң барып кел, - Аида дагы эле ойлуу, жүрөгү бир кызыктай болуп турду. Анын эркин кызганыч ээлеп алды: "Мүмкүн бир жерде аңдып туруп сенин апаң мен болом деп алып кетип калсачы?" деген ойду ойлогондо Эркингүлдү жалгыз жөнөтүүдөн коркуп кетти. - Жок, Эркингүл, сени жалгыз жөнөтпөйм! - деп жиберди Аида. - Эмнеге, мама, өзүм эле барып келем. - Жок-жок, экөөбүз барабыз, - деген Аида өзү да кийине баштады. - Бүгүн биз туулган күнгө барабыз да, аны-муну алыш керек. - Анын шылтоосу ошол болду. Эркингүл менен Аида ээрчишип алып Ош базары эмес, Дордой базарын көздөй жөнөштү. Бара жатып Аида ичинен ойлоп жатты: "Баягы жаңы ташталган кезде да Ажар, Сапар деген жазуу бар болчу, көрсө бул аял соо эмес тура?!" деп ичтен сызып, сыртына билгизбей бара берди. Ал эми Эркингүлдүн оюнда эч нерсе жок, Акжолтойдун жакында боло турган туулган күнүнө белек алуу керек болчу. Бирок Аиданын көзүнчө кантип алуунун амалын билбей атты. Акыры ал бир жол ойлоп тапты: "агайдын туулган күнүнө алып берем дейин" деп ойлоду да: - Мама, мага эркектерге керектүү галстук тандашыңызчы, жакында агайдын туулган күнүн куттуктап койолу дегенбиз, анан кыздар-балдар чогулуп акчасын беришкен, шаардан ала кел деп. - Эмне болгон агайың эле? - Класс жетекчибиз. - Аа-аа, мейли жүрү анда, - деген Аида ары жайнаган галстуктарды көздөй басып барды да: - Агайың жашпы же улгайганбы? - деп Эркингүлгө карады. Ал шашып кетти: - Жок-жок, жаш эле, молодежный галстук ала бериңиз, бирок абдан жакшысы болсун! - Мына бул болобу? - Аида жол-жол кара галстукту көрсөттү. - Жок, ал болбойт ко? - Анда мына бул жаштарга абдан жакшы жарашат, ушуну алалыбы? - деп Аида кызыл-күрөң жол-жол галстукту көрсөттү. - Болот, - Эркингүл да ошону жактырды. - Муну берип койсоңор? - деди Аида. Сатуучу галстукту татынакай кылып ороп берди. Андан ары экөө аралап, керектүү буюмдарын алды. Анан Эркингүлгө кожаный куртка алып берди да, үйүн көздөй жөнөдү. Бирок Аиданын ою бир жерде болбой, алагды боло бери: "Туратка айтсамбы же айтпай эле койсомбу?" деп ойлонуп, кайра: "Айтпай эле койойунчу, аны деле кыйнабай, бирдеме болуп баратса көрдүм да" деген ойго токтоду да: "Эркингүл го эч нерсе билбейт, билген күндө да ошого ишенмек беле, ишенбес…" Анын ойлуу боло түшкөнүн байкаган Эркингүл: - Мама, эмне болду, эмнеге ойлонуп калдыңыз? - деди жадырай карап. - Эч нерсе, кызым, бүгүн папаң экөөбүз конокко барабыз, анан.. анан жанагы аял келсе экинчи киргизбей эле койчу, - дегенин Аида өзү да сезбей айтып алды. - Эмне үчүн, ал жакшы аял экен, болгону мусаапыр, эч кимиси жок экен дебедиңиз беле? - Ооба, ошенткем, бирок эми кереги жок, үйгө киргизбейбиз. - Ийи, - деген Эркингүл кайдыгер унчукту. - Чоң энем кайра эле эртең кетебиз дейби? - Ооба, үй-жай ээн калды дебаткан. Экөө жай басып кобурашып үйгө келишти. Күнүмдүк көнүмүш оокатын жасап кирген Аида ойдон алаксый түштү. Бирок Ажар, Сапар деген сөздөр анын жүрөгүнө өчпөс болуп жазылып калгандай эле болду. Эси-дарты Эркингүлдө: "Кечирип койгула, мен ата-энемди таптым" деп басып кетеби? Анан ал Ажардын адеп келген күнүн эстеди: "Ошондо абдан жүдөө эмес беле, көрсө алар бомждор болсо керек, багалбай калганда атайы биздин эшикке таштаган го, эне деген кыйын го, кыялбай же биротоло унуталбай келип жүргөн тура. Эми эмне болот, эмне кылыш керек?" деп кыжаалаттана берди Аида. ooo Арадан билинбей убакыт өтүп, Акжолтой мектепти бүтүп акыркы коңгуроо күнү ал окуучулардын арасынан Эркингүлдү издеп жатты. Өзүнчө толкунданып алган. Апапак көйнөгүнө Эркингүл туулган күнүнө белек кылган галстукту тагынып алган. Бир кезде тогузунчу-онунчу класстар турушкан катардан Эркингүл менен карындашы Алтынчачтын катар турганын көрө койду. Жаркырап тийген күндүн алдында жадыраган окуучулар шаңдуу шайыр маанайда демейдегиден башкача кубанычтуу. Бир кыз, бир бала болуп эки экиден топтолушуп каткырып күлүп калышат. Майда класстын балдары андан бетер кубалашып ойноп чечекейлери чеч. Бир кезде Алтынчач Эркингүлдү карап тамашалай минтти: - Сиздин мырзаңыз аябай тынчсызданып жаткан көрүнөт, жолугуп көңүлүн ачып куттуктап коюңуз! - деп ары басып кетти. Анткени өзүнүн да жигити мектепти бүтүп жаткан, ага жолугуу үчүн эптеп шылтоо таап жылган болчу. Эркингүл менен Акжолтойдун мамилелерин билип калган балдар ага тийишкенин койгон. Азыр Акжолтой менен Эркингүл экөө эркин эле жолугушуп сүйлөшө беришет. Эркингүл Алтынчач басып кеткенден кийин Акжолтойдун жанына басып барды: - Куттуктайм! Учкан уяң мектебиңден канатың кайрылбай көкөлөй бер, мырзам! - Рахмат! - Акжолтой дагы ага карап жылмайып койду. Экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту. Адатта акыркы класстагылар чогулуп вечеринка уюштуруусу анык эмеспи. Алардын жанына Акжолтойдун классташтары келди да: - Акжолтой, кечинде биз менен болосуңбу? - дешти эле ал: - Сөзсүз да, - деп жылдызы жана жылмайып койду. Ушул кез Эркингүл аны ого бетер сүйүп турду. Классташтары кеткенден кийин Эркингүл: - Акжолтой, мен барайын, сен… - деп аны карады эле ал: - Макул, Эркингүл, бара бер, мен сага кечки саат ондо барам, сөзсүз барам! - деп колун сунганда Эркингүл да колун берип эңкейип келип Акжолтойду өөп, анан жүгүрүп кетти. Акжолтой болсо кыздын, болгондо да аруу кыздын ыссык эрини тийген жерин кубанычтуу сыйпалап жылмайып алды да, классташтары турган жакты көздөй басты. Ал азыр чексиз бактылуу эле. Бүтүрүүчүлөрдүн кечеси абдан көңүлдүү өтүп жатты. Ар кимиси өзүнүн кайда бараарын айтып отурушту. Кече аяктагандан кийин Акжолтойдун кадамы Эркингүлдүн үйүн көздөй шилтенди. Бул убакта Эркингүл да уктабай күтүп жаткан. Экөө өздөрү жолугушчу дарактын түбүндө кыналыша бактылуу мүнөттөрдүн күбөсү болуп турганда асмандагы ай дагы балбылдап аларга нурун төгүп эч жамандыкты ыраа көрбөй кыз-жигиттин албырган жүздөрүнөн сылагылайт. - Эркин, Экуля, - деди Акжолтой, - биз бактылуубуз, мен окууга өтүп окуп калсам келерки жылы сен да окууга тапшырсаң, анан үйлөнүп алабыз. - Ананчы, бактылуубуз, келерки жылы мен сөзсүз барам, папам юрфакка окутам деп жатат. - Экуля, сен мени сүйөсүңбү? - Акжолтой Эркингүлдүн ээгинен өйдө көтөрүп: - айтсаң, мени сүйөсүңбү? - көздөрүн тике карады. - Эмнеге антип сурап жатасың? - Эркингүл Акжолтойду күлүмсүрөй карады. - Өз оозуң менен айтсаң, Экуля, чын эле мени сүйөсүңбү? - Акжолтой, мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм! - деп кулачын жая асманды карап жылдыздарды, айды күбө кыла кыйкырып жиберди: - Көрдүңөрбү, жылдыздар! Жер жүзүнүн баарын көрүп турган ай! Мен Акжолтойду сүйөм, сүйөм, сүйөм!!! - Алтыным менин, ишендим, - Акжолтой Эркингүлдү бетинен өөп койгондо ал: - Мен сеникимин, мен сени гана сүйөм, уктуңбу? - деп бажырая каткырып күлдү. - Асылым менин, биз бактылуубуз, сен менин үйүмдүн куту болосуң, периштем менин! Эки жаш бөлүнө албай түн бироокумга чейин турушту. Таң сүрө баштаганда гана экөө кучакташып, бири бирин аяр өөп коштошушту. Эркингүл күндүзү жазып даярдап койгон катын Акжолтой экөө кучакташып турганда чөнтөгүнө салып койду. Кыңылдап ырдаган Акжолтой жолдо келатып чөнтөгүнө колун салып, колуна урунган кагазды көрүп элес деле алган жок. Үйгө шырп алдырбай кирип ордуна жата кетти. Муну бир гана Алтынчач сезди. Эртең менен Акжолтой сабакка кетип жатып чөнтөгүнөн кагазды алып көрсө кат экен. Ошондо гана ал ачып окууга ашыкты. Анда шурудай тизилген кол менен мындай деп жазылыптыр: "Алтыным Акжолтой, бүгүнкү бактылуу күнүңдү куттуктап, тилим менен айта албаганымды кагазга жазууга туура келди. Ме сени сүйөм, сен окууга тапшырып окуп калсаң мен сенсиз зеригем, сагынам го? Азыр деле жолуксам кайра жолуккум келе берет, кыскасы сен менин жашоомдогу жарык, даңгыр жолум, аткан таңымсың, билсең. Мен сени менен гана бактылуумун! Эркингүл, 2002-ж. 25.05" Акжолтой катты окуп алып, жүрөгү алып учуп, кубанычы койнуна батпай асманда калкып жүргөндөй болуп мектепти көздөй кетип баратты. Анын жолдон издегени ак бантик тагынган өзүнүн периштеси эле… Экзамен күндөрү алар үзбөй жолугушуп турду, бири бирине айтчу сөздөрү түгөнбөй, ажырашалбай турган экөөнү көргөндөр аларды суктана карашып, ал турсун аңыз кылып айтып жүрүштү. Алардын мамилесин бүт айыл билип калган. Ал эми бир гана Калыс эне билбейт. Ошентип эки бактылуу жаштын бөлүнөөр кези да жетти. Медет Акжолтойду окууга алып жөнөөгө камынды. Ал мурунтадан эле мединститутта мугалим болуп иштеген досуна дайындап койгон. Бир күн мурун Эркингүл менен коштошуу үчүн Акжолтой жылдыз толгондо үйүнө келди: - Эркингүл, өзүңө сак бол, жакшы жүр, мен бат-бат кат жазып турам. - Акжолтой Эркингүлдү кучагына кыса шыбырады. - Сенсиз кантип убактымды өткөрөм, ар бир өткөн күндү күндөлүккө жазып турам. Эрмегим эле ошол болот го? - Алтынчач экөөң бирге жүргүлө, мен сени ага дайындап кетем. - Койсоңчу, мага ишенбейсиңби? - Жок, андай деле эмес дечи… - Сен дагы шаарга кетип жатасың, сак бол, эч нерсеге алаксыбай жакшы оку, макулбу? - Биз максатыбызга жетишибиз керек, кош, алтыным, периштем менин! - Эркингүлдү коомай кармап, жүзүнөн сүйдү. - Кош эмесе, кат күтөм! - Эки жаш чоң дарактын түбүнөн, түнкү салкын абада бири-бири менен араң коштошушту. ooo Ажар үйүнө жакындаганда эле Сапар утурлай басып Эркингүл жөнүндө билгиси келип сурап кирди: - Кандай, кызыбыз чоңоюп калыптырбы, ыя? - Ананчы, болгондо да супсулуу болуп чоңоюп калыптыр. - Ажар өзүнчө кудуңдай жооп берди. Ал өз ичинен: "Сааттын батарейкасы түгөнгөндө көрөт, ага чейин билбейт, эгер аны окуса кандай абалда калаар экен?" - деп ойлоно түштү. - Эмнеси болсо да аман болсун, бактылуу болуп биз көргөндү көрбөсө экен. - Ошону айтсаң, эгер ата-энеси бөлөк экенин билсе жаман абалда калат го, алчаңдатып өз баласындай эле билгизбей багып жатышса.. - Ырас эле, кантип ишенип, кантип бизди ата-энем деп кабыл алсын, билген күндө да бизди жанына жолотпойт го? Экөө көпкө чейин кобурашып отуруп түн бироокумда жатууга камынышты. Дал ушул учурда Медеттин үйүндө да Эркингүл жөнүндө сөз болуп жатты. ooo Медеттин жашоосунда өзгөрүүлөр болуп, Жаркын экөө ысык мамиледе бир бирин сыйлап бактылуу болуп балдарын тарбиялоодо. Көп элдерге караганда үлгүлүү үйбүлөнүн катарында. Жаркын да өткөндү унутпаса да кайра эстөө ал үчүн өтө эле азап, бирок арадан өткөн бир топ жыл, бой жетип бири биринин артынан чоңоюп келаткан балдары баарын кечирүүгө аргасыз кылган кези. Бул кезде Медет Жаркын менен кеңешпей иш кылбайт. Акжолтойдун бой жетип калганынан аны үйлөнтүүгө айылдан аттуу-баштуу адамдардын кыздарын эсептеп отурушту. Аны айтышты, муну айтышты, бирок ылайыктуусун таппай жатышканда Алтынчач аларга: - Байкем Эркингүл деген мени менен окуган кыз менен сүйлөшөт, - деп калды. - Ал кимдин кызы экен? - Медет Алтынчачты кулак түрө карап калды. - Бакбергенова Эркингүл, тиги Калыс эненин небереси экен. - Койчу, кайсы баласынын кызы экен? - Билбейм, ата-энеси шаарда турушат экен. - Ий, анда тиги Тураттын кызы болсо керек, ал шаарда чоң кызматта иштейт да, - Медет ичинен кубанып турду: "Уулу чоң кызматтагы кишинин кызына үйлөнсө жакшы эмей", - Кызы кандай кыз? - Жакшы эле, аябай супсулуу кыз, сабакты да жакшы окуйт, экөөбүз жакшыбыз. - Аны мен өзүм бир көрөйүн, эгер уулума татыктуу болсо мектепти бүткөндөн кийин сөйкө салып койобуз. - Адегенде экөөбүз тең сынап көрөлү, Акжолтойдон да сурайлы, көңүлү бар болсо качмак беле? - Жаркын да ага макул экенин билдирди. Бул кубанычтуу күндү кандай өткөрүү керек экенин да кеңешип отурушту. ooo Бир кезде Каныш эне менен Калыс эне ынак курбулардан эле, азыр Медет өзүнчө ичинен уялып турду. Анткени апасы өлгөндөн кийин бир да каттап же учурашып койбоптур.. Эртеси эле Жаркын экөө кант-чай алышып алып Калыс энеге учурашууга жөнөп калышты. Аларды үйдөн чыга калган Эркингүл тосуп алды. Ал Медетти сыртынан таанычу. Көрө сала кичипейилдүүлүк менен үн катты: - Келиңиздер.. Ким керек эле? - Чоңойдуңбу, кызым, Калыс эне жакшы жүрөбү? - Аа-аа, энем жакшы, үйдө ал киши, кириңиздер! - Рахмат, - Медет үйгө жол баштады, артынан Жаркын кирди, - Жакшысызбы апа, күүлүү-демдүү жүрөсүзбү? - кирээри менен эле төрдө жаздыкка кыңкайып жаткан энени көрүп колун суна жанына жетип учурашып отура кетти. - Жакшысызбы эне, денсоолуктарыңыз дуруспу? - Жаркын да учурашып отуруп калды. - Көртирлик деп жүрүп ушу сизге учурашууга да колубуз тийбейт. Апам барында сиз да бат-бат барчу элеңиз, каттабай калдыңыз. - Аа балам, карылык өзүнүн чидерин салган соң кыйын тура, картайдым эми. Үйдөн чыгууга дарман жок, өзүңөр аман-эсен жүрөсүңөрбү айланайын, бала-чака чоңоюп жатабы? - Жакшы, апа, кудайга шүгүр. - Ошондой эле болсун, садага. Апаң экөөбүз кенедейибизден бирге жүрүп ынак элек, "бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат" деген чын тура. Мына, биздин ордубузду силер басып баратасыңар, кудайдын ушунусуна шүгүр! - Калыс эне сыртка карай үн катты: - Ийе Эркингүл, Эркингү-үүл! - Оов, эмне болду, эне? - Эркингүл босогодон баш бага энеге суроолуу тигилди. - Ботом, үйгө тоодой-таштай кишилер келип отурса, дасторкон салбай кайда жүрөсүң? - Азыр, эне.. - Эркингүл заматта дасторкон жайып баарын жайнатып коюп сырткы үйдөн булоолонгон самоорду алып келди да, чай куя баштады. Эркингүл ушул саам өзүнө тигилген көздөрдөн сүрдөп жатты. Медет менен Жаркын болсо кыздын ар бир кыймылына көз салып сындан өткөрүп жатышкандай.. Калыс эне менен баарлашып отуруп, анан үйүнө кеч кайтышты. Алардын көөнүнө Эркингүл абдан жакты. Өздөрүнчө ары кетип, бери кетип, кеңешип жатып кызга азыркы шартта адегенде сөйкө салып коюуну чечишти. Сөйкө абдан жакшы жана кымбат болуусу зарыл экенин да унутушкан жок........ http://ok.ru/group/54975204687902
КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ЧЫГАРМАЛАРЫ ЖАНА ЫРЛАРЫ.
Бул жерге көптөгөн чыгармалар окуялар жазылат.көбүнчөсү Турмуштан алынган окуялар.
КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ЧЫГАРМАЛАРЫ ЖАНА ЫРЛАРЫ.
ЭРКИН СЕЛСАЯКТАР.....
18-БӨЛҮМ.
Ажар эртеси эрте жолго чыгып кетти: "Ушинтип эркелетип багып жатса мени эне катары көрмөк беле, менин энелик укугум тебеленди, эми мен Эркингүлгө эне эмесмин, эне эмесмин!" деп ыйлап баратты…
Арадан үч-төрт күн өткөн. Эркингүл Ажар алып келген саатты караган да жок. Анткени анын колунда күмүштөн сааты бар болчу, ал өзүнө жакчу. Ошон үчүн ал белек анын көңүлүн бурган да жок. Аида терезеде турган саатты ала коюп: "Белекке берсе болчудай экен, жок дегенде төрт, беш жүз сом турат болуш керек, бүгүн барчу туулган күнгө алып барып койойун" деген ойдо аны колуна кармап: "Эркингүлдөн бир ооз сурап койойун" деп сырткы үйгө чыгып келатып колунан түшүрүп алды. Жерге түшкөн сааттын арты ачылып тегеренип кетти. Аида эңкейип саатты алып артын жаба койойун дегенде аерде жабышкан ак кагазды көрдү да көңүл бура калып карады эле анда: "Эркингүл, мектепти бүтүшүң менен куттуктайбыз, ата-энең Сапар, Ажар" деген жазууну окуп делдейип эле туруп калды. Көрсө кагазды салганда чала жабылып калган экен: "Кызык, бул аял эмне эле көп келет десе мында бир иш бар тура. Эркингүлдү мынчалык эмне жакшы көрөт десе…" деп делдейе кагазды колуна кармап мыкчып туруп калганда Эркингүл алдынан чыга келди:
- Мама, мен базарга чыгып келейинчи? - деди эркелей.
- Барсаң барып кел, - Аида дагы эле ойлуу, жүрөгү бир кызыктай болуп турду. Анын эркин кызганыч ээлеп алды: "Мүмкүн бир жерде аңдып туруп сенин апаң мен болом деп алып кетип калсачы?" деген ойду ойлогондо Эркингүлдү жалгыз жөнөтүүдөн коркуп кетти. - Жок, Эркингүл, сени жалгыз жөнөтпөйм! - деп жиберди Аида.
- Эмнеге, мама, өзүм эле барып келем.
- Жок-жок, экөөбүз барабыз, - деген Аида өзү да кийине баштады. - Бүгүн биз туулган күнгө барабыз да, аны-муну алыш керек. - Анын шылтоосу ошол болду.
Эркингүл менен Аида ээрчишип алып Ош базары эмес, Дордой базарын көздөй жөнөштү. Бара жатып Аида ичинен ойлоп жатты: "Баягы жаңы ташталган кезде да Ажар, Сапар деген жазуу бар болчу, көрсө бул аял соо эмес тура?!" деп ичтен сызып, сыртына билгизбей бара берди. Ал эми Эркингүлдүн оюнда эч нерсе жок, Акжолтойдун жакында боло турган туулган күнүнө белек алуу керек болчу. Бирок Аиданын көзүнчө кантип алуунун амалын билбей атты. Акыры ал бир жол ойлоп тапты: "агайдын туулган күнүнө алып берем дейин" деп ойлоду да:
- Мама, мага эркектерге керектүү галстук тандашыңызчы, жакында агайдын туулган күнүн куттуктап койолу дегенбиз, анан кыздар-балдар чогулуп акчасын беришкен, шаардан ала кел деп.
- Эмне болгон агайың эле?
- Класс жетекчибиз.
- Аа-аа, мейли жүрү анда, - деген Аида ары жайнаган галстуктарды көздөй басып барды да: - Агайың жашпы же улгайганбы? - деп Эркингүлгө карады. Ал шашып кетти:
- Жок-жок, жаш эле, молодежный галстук ала бериңиз, бирок абдан жакшысы болсун!
- Мына бул болобу? - Аида жол-жол кара галстукту көрсөттү.
- Жок, ал болбойт ко?
- Анда мына бул жаштарга абдан жакшы жарашат, ушуну алалыбы? - деп Аида кызыл-күрөң жол-жол галстукту көрсөттү.
- Болот, - Эркингүл да ошону жактырды.
- Муну берип койсоңор? - деди Аида.
Сатуучу галстукту татынакай кылып ороп берди. Андан ары экөө аралап, керектүү буюмдарын алды. Анан Эркингүлгө кожаный куртка алып берди да, үйүн көздөй жөнөдү. Бирок Аиданын ою бир жерде болбой, алагды боло бери: "Туратка айтсамбы же айтпай эле койсомбу?" деп ойлонуп, кайра: "Айтпай эле койойунчу, аны деле кыйнабай, бирдеме болуп баратса көрдүм да" деген ойго токтоду да: "Эркингүл го эч нерсе билбейт, билген күндө да ошого ишенмек беле, ишенбес…" Анын ойлуу боло түшкөнүн байкаган Эркингүл:
- Мама, эмне болду, эмнеге ойлонуп калдыңыз? - деди жадырай карап.
- Эч нерсе, кызым, бүгүн папаң экөөбүз конокко барабыз, анан.. анан жанагы аял келсе экинчи киргизбей эле койчу, - дегенин Аида өзү да сезбей айтып алды.
- Эмне үчүн, ал жакшы аял экен, болгону мусаапыр, эч кимиси жок экен дебедиңиз беле?
- Ооба, ошенткем, бирок эми кереги жок, үйгө киргизбейбиз.
- Ийи, - деген Эркингүл кайдыгер унчукту. - Чоң энем кайра эле эртең кетебиз дейби?
- Ооба, үй-жай ээн калды дебаткан.
Экөө жай басып кобурашып үйгө келишти. Күнүмдүк көнүмүш оокатын жасап кирген Аида ойдон алаксый түштү. Бирок Ажар, Сапар деген сөздөр анын жүрөгүнө өчпөс болуп жазылып калгандай эле болду. Эси-дарты Эркингүлдө: "Кечирип койгула, мен ата-энемди таптым" деп басып кетеби? Анан ал Ажардын адеп келген күнүн эстеди: "Ошондо абдан жүдөө эмес беле, көрсө алар бомждор болсо керек, багалбай калганда атайы биздин эшикке таштаган го, эне деген кыйын го, кыялбай же биротоло унуталбай келип жүргөн тура. Эми эмне болот, эмне кылыш керек?" деп кыжаалаттана берди Аида.
ooo
Арадан билинбей убакыт өтүп, Акжолтой мектепти бүтүп акыркы коңгуроо күнү ал окуучулардын арасынан Эркингүлдү издеп жатты. Өзүнчө толкунданып алган. Апапак көйнөгүнө Эркингүл туулган күнүнө белек кылган галстукту тагынып алган. Бир кезде тогузунчу-онунчу класстар турушкан катардан Эркингүл менен карындашы Алтынчачтын катар турганын көрө койду.
Жаркырап тийген күндүн алдында жадыраган окуучулар шаңдуу шайыр маанайда демейдегиден башкача кубанычтуу. Бир кыз, бир бала болуп эки экиден топтолушуп каткырып күлүп калышат. Майда класстын балдары андан бетер кубалашып ойноп чечекейлери чеч. Бир кезде Алтынчач Эркингүлдү карап тамашалай минтти:
- Сиздин мырзаңыз аябай тынчсызданып жаткан көрүнөт, жолугуп көңүлүн ачып куттуктап коюңуз! - деп ары басып кетти. Анткени өзүнүн да жигити мектепти бүтүп жаткан, ага жолугуу үчүн эптеп шылтоо таап жылган болчу. Эркингүл менен Акжолтойдун мамилелерин билип калган балдар ага тийишкенин койгон. Азыр Акжолтой менен Эркингүл экөө эркин эле жолугушуп сүйлөшө беришет.
Эркингүл Алтынчач басып кеткенден кийин Акжолтойдун жанына басып барды:
- Куттуктайм! Учкан уяң мектебиңден канатың кайрылбай көкөлөй бер, мырзам!
- Рахмат! - Акжолтой дагы ага карап жылмайып койду.
Экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту. Адатта акыркы класстагылар чогулуп вечеринка уюштуруусу анык эмеспи. Алардын жанына Акжолтойдун классташтары келди да:
- Акжолтой, кечинде биз менен болосуңбу? - дешти эле ал:
- Сөзсүз да, - деп жылдызы жана жылмайып койду. Ушул кез Эркингүл аны ого бетер сүйүп турду. Классташтары кеткенден кийин Эркингүл:
- Акжолтой, мен барайын, сен… - деп аны карады эле ал:
- Макул, Эркингүл, бара бер, мен сага кечки саат ондо барам, сөзсүз барам! - деп колун сунганда Эркингүл да колун берип эңкейип келип Акжолтойду өөп, анан жүгүрүп кетти. Акжолтой болсо кыздын, болгондо да аруу кыздын ыссык эрини тийген жерин кубанычтуу сыйпалап жылмайып алды да, классташтары турган жакты көздөй басты. Ал азыр чексиз бактылуу эле.
Бүтүрүүчүлөрдүн кечеси абдан көңүлдүү өтүп жатты. Ар кимиси өзүнүн кайда бараарын айтып отурушту. Кече аяктагандан кийин Акжолтойдун кадамы Эркингүлдүн үйүн көздөй шилтенди. Бул убакта Эркингүл да уктабай күтүп жаткан. Экөө өздөрү жолугушчу дарактын түбүндө кыналыша бактылуу мүнөттөрдүн күбөсү болуп турганда асмандагы ай дагы балбылдап аларга нурун төгүп эч жамандыкты ыраа көрбөй кыз-жигиттин албырган жүздөрүнөн сылагылайт.
- Эркин, Экуля, - деди Акжолтой, - биз бактылуубуз, мен окууга өтүп окуп калсам келерки жылы сен да окууга тапшырсаң, анан үйлөнүп алабыз.
- Ананчы, бактылуубуз, келерки жылы мен сөзсүз барам, папам юрфакка окутам деп жатат.
- Экуля, сен мени сүйөсүңбү? - Акжолтой Эркингүлдүн ээгинен өйдө көтөрүп: - айтсаң, мени сүйөсүңбү? - көздөрүн тике карады.
- Эмнеге антип сурап жатасың? - Эркингүл Акжолтойду күлүмсүрөй карады.
- Өз оозуң менен айтсаң, Экуля, чын эле мени сүйөсүңбү?
- Акжолтой, мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм! - деп кулачын жая асманды карап жылдыздарды, айды күбө кыла кыйкырып жиберди: - Көрдүңөрбү, жылдыздар! Жер жүзүнүн баарын көрүп турган ай! Мен Акжолтойду сүйөм, сүйөм, сүйөм!!!
- Алтыным менин, ишендим, - Акжолтой Эркингүлдү бетинен өөп койгондо ал:
- Мен сеникимин, мен сени гана сүйөм, уктуңбу? - деп бажырая каткырып күлдү.
- Асылым менин, биз бактылуубуз, сен менин үйүмдүн куту болосуң, периштем менин!
Эки жаш бөлүнө албай түн бироокумга чейин турушту. Таң сүрө баштаганда гана экөө кучакташып, бири бирин аяр өөп коштошушту. Эркингүл күндүзү жазып даярдап койгон катын Акжолтой экөө кучакташып турганда чөнтөгүнө салып койду. Кыңылдап ырдаган Акжолтой жолдо келатып чөнтөгүнө колун салып, колуна урунган кагазды көрүп элес деле алган жок. Үйгө шырп алдырбай кирип ордуна жата кетти. Муну бир гана Алтынчач сезди. Эртең менен Акжолтой сабакка кетип жатып чөнтөгүнөн кагазды алып көрсө кат экен. Ошондо гана ал ачып окууга ашыкты. Анда шурудай тизилген кол менен мындай деп жазылыптыр:
"Алтыным Акжолтой, бүгүнкү бактылуу күнүңдү куттуктап, тилим менен айта албаганымды кагазга жазууга туура келди. Ме сени сүйөм, сен окууга тапшырып окуп калсаң мен сенсиз зеригем, сагынам го? Азыр деле жолуксам кайра жолуккум келе берет, кыскасы сен менин жашоомдогу жарык, даңгыр жолум, аткан таңымсың, билсең. Мен сени менен гана бактылуумун!
Эркингүл, 2002-ж. 25.05"
Акжолтой катты окуп алып, жүрөгү алып учуп, кубанычы койнуна батпай асманда калкып жүргөндөй болуп мектепти көздөй кетип баратты. Анын жолдон издегени ак бантик тагынган өзүнүн периштеси эле…
Экзамен күндөрү алар үзбөй жолугушуп турду, бири бирине айтчу сөздөрү түгөнбөй, ажырашалбай турган экөөнү көргөндөр аларды суктана карашып, ал турсун аңыз кылып айтып жүрүштү. Алардын мамилесин бүт айыл билип калган. Ал эми бир гана Калыс эне билбейт. Ошентип эки бактылуу жаштын бөлүнөөр кези да жетти. Медет Акжолтойду окууга алып жөнөөгө камынды. Ал мурунтадан эле мединститутта мугалим болуп иштеген досуна дайындап койгон. Бир күн мурун Эркингүл менен коштошуу үчүн Акжолтой жылдыз толгондо үйүнө келди:
- Эркингүл, өзүңө сак бол, жакшы жүр, мен бат-бат кат жазып турам. - Акжолтой Эркингүлдү кучагына кыса шыбырады.
- Сенсиз кантип убактымды өткөрөм, ар бир өткөн күндү күндөлүккө жазып турам. Эрмегим эле ошол болот го?
- Алтынчач экөөң бирге жүргүлө, мен сени ага дайындап кетем.
- Койсоңчу, мага ишенбейсиңби?
- Жок, андай деле эмес дечи…
- Сен дагы шаарга кетип жатасың, сак бол, эч нерсеге алаксыбай жакшы оку, макулбу?
- Биз максатыбызга жетишибиз керек, кош, алтыным, периштем менин! - Эркингүлдү коомай кармап, жүзүнөн сүйдү.
- Кош эмесе, кат күтөм! - Эки жаш чоң дарактын түбүнөн, түнкү салкын абада бири-бири менен араң коштошушту.
ooo
Ажар үйүнө жакындаганда эле Сапар утурлай басып Эркингүл жөнүндө билгиси келип сурап кирди:
- Кандай, кызыбыз чоңоюп калыптырбы, ыя?
- Ананчы, болгондо да супсулуу болуп чоңоюп калыптыр. - Ажар өзүнчө кудуңдай жооп берди. Ал өз ичинен: "Сааттын батарейкасы түгөнгөндө көрөт, ага чейин билбейт, эгер аны окуса кандай абалда калаар экен?" - деп ойлоно түштү.
- Эмнеси болсо да аман болсун, бактылуу болуп биз көргөндү көрбөсө экен.
- Ошону айтсаң, эгер ата-энеси бөлөк экенин билсе жаман абалда калат го, алчаңдатып өз баласындай эле билгизбей багып жатышса..
- Ырас эле, кантип ишенип, кантип бизди ата-энем деп кабыл алсын, билген күндө да бизди жанына жолотпойт го?
Экөө көпкө чейин кобурашып отуруп түн бироокумда жатууга камынышты. Дал ушул учурда Медеттин үйүндө да Эркингүл жөнүндө сөз болуп жатты.
ooo
Медеттин жашоосунда өзгөрүүлөр болуп, Жаркын экөө ысык мамиледе бир бирин сыйлап бактылуу болуп балдарын тарбиялоодо. Көп элдерге караганда үлгүлүү үйбүлөнүн катарында. Жаркын да өткөндү унутпаса да кайра эстөө ал үчүн өтө эле азап, бирок арадан өткөн бир топ жыл, бой жетип бири биринин артынан чоңоюп келаткан балдары баарын кечирүүгө аргасыз кылган кези. Бул кезде Медет Жаркын менен кеңешпей иш кылбайт. Акжолтойдун бой жетип калганынан аны үйлөнтүүгө айылдан аттуу-баштуу адамдардын кыздарын эсептеп отурушту. Аны айтышты, муну айтышты, бирок ылайыктуусун таппай жатышканда Алтынчач аларга:
- Байкем Эркингүл деген мени менен окуган кыз менен сүйлөшөт, - деп калды.
- Ал кимдин кызы экен? - Медет Алтынчачты кулак түрө карап калды.
- Бакбергенова Эркингүл, тиги Калыс эненин небереси экен.
- Койчу, кайсы баласынын кызы экен?
- Билбейм, ата-энеси шаарда турушат экен.
- Ий, анда тиги Тураттын кызы болсо керек, ал шаарда чоң кызматта иштейт да, - Медет ичинен кубанып турду: "Уулу чоң кызматтагы кишинин кызына үйлөнсө жакшы эмей", - Кызы кандай кыз?
- Жакшы эле, аябай супсулуу кыз, сабакты да жакшы окуйт, экөөбүз жакшыбыз.
- Аны мен өзүм бир көрөйүн, эгер уулума татыктуу болсо мектепти бүткөндөн кийин сөйкө салып койобуз.
- Адегенде экөөбүз тең сынап көрөлү, Акжолтойдон да сурайлы, көңүлү бар болсо качмак беле? - Жаркын да ага макул экенин билдирди. Бул кубанычтуу күндү кандай өткөрүү керек экенин да кеңешип отурушту.
ooo
Бир кезде Каныш эне менен Калыс эне ынак курбулардан эле, азыр Медет өзүнчө ичинен уялып турду. Анткени апасы өлгөндөн кийин бир да каттап же учурашып койбоптур..
Эртеси эле Жаркын экөө кант-чай алышып алып Калыс энеге учурашууга жөнөп калышты. Аларды үйдөн чыга калган Эркингүл тосуп алды. Ал Медетти сыртынан таанычу. Көрө сала кичипейилдүүлүк менен үн катты:
- Келиңиздер.. Ким керек эле?
- Чоңойдуңбу, кызым, Калыс эне жакшы жүрөбү?
- Аа-аа, энем жакшы, үйдө ал киши, кириңиздер!
- Рахмат, - Медет үйгө жол баштады, артынан Жаркын кирди, - Жакшысызбы апа, күүлүү-демдүү жүрөсүзбү? - кирээри менен эле төрдө жаздыкка кыңкайып жаткан энени көрүп колун суна жанына жетип учурашып отура кетти.
- Жакшысызбы эне, денсоолуктарыңыз дуруспу? - Жаркын да учурашып отуруп калды.
- Көртирлик деп жүрүп ушу сизге учурашууга да колубуз тийбейт. Апам барында сиз да бат-бат барчу элеңиз, каттабай калдыңыз.
- Аа балам, карылык өзүнүн чидерин салган соң кыйын тура, картайдым эми. Үйдөн чыгууга дарман жок, өзүңөр аман-эсен жүрөсүңөрбү айланайын, бала-чака чоңоюп жатабы?
- Жакшы, апа, кудайга шүгүр.
- Ошондой эле болсун, садага. Апаң экөөбүз кенедейибизден бирге жүрүп ынак элек, "бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат" деген чын тура. Мына, биздин ордубузду силер басып баратасыңар, кудайдын ушунусуна шүгүр! - Калыс эне сыртка карай үн катты: - Ийе Эркингүл, Эркингү-үүл!
- Оов, эмне болду, эне? - Эркингүл босогодон баш бага энеге суроолуу тигилди.
- Ботом, үйгө тоодой-таштай кишилер келип отурса, дасторкон салбай кайда жүрөсүң?
- Азыр, эне.. - Эркингүл заматта дасторкон жайып баарын жайнатып коюп сырткы үйдөн булоолонгон самоорду алып келди да, чай куя баштады. Эркингүл ушул саам өзүнө тигилген көздөрдөн сүрдөп жатты. Медет менен Жаркын болсо кыздын ар бир кыймылына көз салып сындан өткөрүп жатышкандай..
Калыс эне менен баарлашып отуруп, анан үйүнө кеч кайтышты. Алардын көөнүнө Эркингүл абдан жакты. Өздөрүнчө ары кетип, бери кетип, кеңешип жатып кызга азыркы шартта адегенде сөйкө салып коюуну чечишти. Сөйкө абдан жакшы жана кымбат болуусу зарыл экенин да унутушкан жок........ http://ok.ru/group/54975204687902