********** Тоо этегинде жайгашкан чакан айыл. Элет жериндеги жашоонун шаңы таң эрте башталат эмеспи. Күздүн күнкү эгин жыйноо учуру. Кампада кишинин саны көп. Айыл өкмөтүнүн имаратынын тегереги таң эрте элге толгон. Анткени эгин чапкан комбайындын кезегине туруу эле чоң иш. Мамыт бүгүн үчүнчү күн, комбайындын кезегине турганына. Шүкүр болсо талаада, эгинди кайтарып, тоодон эрте түшкөн кээ бир жылкылар тебелеп кетпесин деп сак-сактап карап жүрөт. Ал эми чөптөр эбак эле чабылып, талаа ачылып калган. Шүкүр үчүн убакыт өтпөй койду. Анткени атасы айткан эле да "эгин чабылып калса шаарга барып кел" - деп. Чынын айтканда шаарга бир гана Азизага жолугуу үчүн келгенге бел байлады. Болбосо көрүп кетпеди беле шаардын жашоосун. Айылдагыдай ээн эркин баса албаса же бир жакын тууганы болбосо, акчага гана күч келтиргени шаарга келбесе, башка жасай турган деле иши жок. Бул жолу атасы эски тракторуна бир тетик алып кел деп гана жиберип жатат. Ага өзү деле келмек, Сыртпай досунун жоругун угуп алып эле ага карата ичи кирдеп, Шүкүрдү жибергени жатат. Андан дагы Шүкүр эки жолу шаарга барып келүү үчүн суранганын эске алды. Сөзүнүн аягында билгизип алган "бирөөнө жолуга келиш да керек болуп жатат" - деп. Бул айтылган сөз менен эле Мамыт уулунун абалын билген болучу. Ата кантип баланын сөзүнө түшүнбөйт. Бала канчалык сыр жашыргысы келген күндө дагы ата менен эне, эмне болгон күндө да баары бир билип койгон бул жашоонун мыйзамы. Шүкүр чыдамы кете күттү, комбайындын келишин. Анткени эгин чабылса эле шаарга бармак. Ичтен жеген санаа акыркы кездерде чыдамын түгөтүп бара жаткан. Убакыт түшкө жакындап калган кезде, көптөн күткөн комбайын талаага келди. Бул Шүкүр үчүн тим эле абдан чоң кубанычты тартуулады го, Азизага жолугуп жаткандай. Ооба, бул кубанычтын артында албетте Азизага жолугууга жол ачылды деген сөз жатканын танып болбойт болучу. Комбайын айдаган Сүкүнүн бою тартайып узун, андан калса шашпаган бир адаты бар. Анын ар бир кыймылына көз салып турган Шүкүрдүн ичи бышып кетти. Ан сайын улам комбайындын кампасы какап, бат-баттан токтойт десең. Анткен менен баягы союз учурундагы эскилиги жеткен комбайынга дагы жакшы, ушунча иштеп берип жатканына. Кечки алтыларда гана чабылып бүткөн эгинди кампага төгүшкөндө, Шүкүр оор үшкүрүнүп алды. Ооба, ар бир иштин кыйынчылыгы бар эмеспи. Ушул үшкүрүк менен эмне деген гана кыйынчылыктар арта калганын билүүгө болот. Эми эки күндө эгинди тазалап, ичкери киргизишсе, жумуш бүтөт. Анан шаарга жөнөгөнгө туура келет. Таттуу кыял менен жакшы ойго алаксыгандын өзү бакыт экенин жашырып болбойт го. Шүкүр үчүн түн бир оокумуна чейин уктай албай Азизаны ойлоп жаткан көнүмүш ишке айланган. Кыялында ага үйлөнсө, анын жарашыктуу чачынан сылап, кучагында эркелетип жатса, аппак болгон узун моюнуна колун артып, экөө келечек жөнүндө сүйлөшүп, жакшы бийик кылып там салгандарынан бери кыялданганы, айылдан сагынычы тараганы адатка айланган. Ооба, сүйүү дайыма жакшы тилектерге, жакшы ойлордун кучагына, таттуу кыялдарга жетелейт эмеспи. Ошол себептен "сүйүүнүн бир мүнөтү, бүтүндөй бир турмушту ичине камтыйт" - деп бекеринен айтылбаса керек. Сүйүү үчүн акындар эмне деген гана ырларды жаратпады, ойчулдар таамай сөздөрдү айтып кеткени, сүрөтчүлөр карагандан көз тажабаган чыгарма жаратканы, актёрлордун жигине жеткире аткарган ролдору, жазуучунун сөз менен жеткизе жазган чыгармасынын баары, барып эле сүйүүгө такалат жана такалып келген. Кайсы бир философ айткан экен "сүйүүсүз жашоо супсак" - деп. Албетте өзгөчө жаш кезде сүйүүсүз жашоо чын эле супсак болорун ким тана алат. Ооба, тырмактай таштын дагы тарыхы болгондой, ар бир башка келген аруу сезимдин дагы тарыхы болорун биле жүргөнүбүз абзел. Анысысыңары ар бир адам баскан изин унутпай, алдыдагы басаар жолун билген адам көрөгөч болоруна турмуш күбө. Шүкүр басып өткөн жолун дайыма кайра басып албаганга аракети күч болуп келет. Убакыт жетип эртең шаарга барам деген түнү Шүкүр таңды-таң атканча уйку бетин көргөн жок. Көз алдынан бир гана Азиза кетпей, аны менен кыялында гана сүйлөшүп жатты. Таң кулөнөк атып келе жатканда гана көзү илинген Шүкүрдү апасы Бермет ойготту. Эненин эмгеги, баамчылдыгына эмне жетет. Бермет, Шүкүрдүн оюн билгенсип, жанына аярлап турду да анан: - Уулум, мен баарын билем. Эгер сүйлөшкөн кызыңа жолугуп, оюң орундалып калса аны алып келе бер. Атаң дагы айтты "үйлөнсө үйлөнө берсин" - деп. Сенин санааңды бир мен эле эмес, атаң дагы байкап калган өңдүү. Колуңдан келсе ал кызыңды алып кел. Кудага барганга шарт болуп турат деди. Мындай сөздү күтпөгөн Шүкүр таң калып: - Апа, чын эле мага азыр үйлөнгөнгө болобу? - деди эле, Бермет күлө карап: - Балам кызыксың го? Сенин канча курбуң үйлөндү. Аларды деле мисалга алсаң болот да. Сен эрте үйлөнсөң, биз эрте неберелүү болобуз. Сенин балаңды эркелетип атаң экөөбүз баарын унутабыз да. Шүкүр жаздыктан башын көтөрүп: - Апа, шаардык кыз айылга көнбөйт го? - деди эле Бермет: - Балам, эгер ал кыздын сага көңүлү болсо, сени менен керек болсо тоонун башына барып жашаганга макул болот. Аял затынын сүйүүсү күчтүү, ошол себептен эркекти ээрчип, баарына кайыл болуп Америкага чейин деле кетип жатышпайбы. Колуңдан келсе аял алып келгендей бол. Сен үйлөнсөң, андан кийин машина алабыз деп атаң даярданып жатат. Тиги сырттагы тракторду бирөө сатып алам деп келиптир, баасы келишпей жатат окшойт. Сен бузулган тетигин алып келсең, ал киши келип алып кетет го... Баягы он алты асый болгон бээни дагы сатам дейт. Кыскасы сен жакшылыкты токтотпой аял алып келип калсаң, баары жакшы жагына оойт, - деп айтып сыртка чыгып кетти. Шүкүрдүн эми оюу такыр башка жакка ооду. Чын эле Азизаны алып келсе, анда кандай жакшы болот эле. Бир азга төшөктөн турбай жатты да, анан туруп кийине баштаганда иниси баш бакты: - Байке, болуңуз, сизди шаарга кете турган таксист даяр болуп турсун деп, Бейшенаалы байкени салып келгени кетти. Апам дагы чай ичип алсын деп шаштырып жатат. Шүкүр эми кыймылын тездетип, сыртка чыкты. Жашоодогу ар бир шилтенген кадам, ирмелген карек, сүйлөнгөн сөз, күлгөн күлкү, ырдаган үн бул жашоо жаңырыгы. Улуу Алла жаратканда керек болсо, көзгө көрүнбөгөн жандыкка дагы ырыскы бөлгөнү жалганбы. Ал эми адам баласын жаратканда баарынан артык кылып акыл берип, баардык нерсеге жөндөмдүү кылып койгону бул эмне деген керемет. Ойго келбеген космоско чейин учуп барган адамдын колунан эмне келбейт. Ким ойлоптур төрт дөңгөлөктүү машина ушунча алыс жолду эч чарчабай басып өтөрүн. Эгер мындан бир же эки кылым илгери көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбыз тирилип келип калса, машинаны көрүп эле таң калып калмак чыгар. Айткандай трактор жаңы чыккан кезде жылкы баласындай көрүп, алдынан чепкенин жамынып жатып алып "үркүтөм" деп тебеленип кала жаздаганы эле караңгылыктан белги берет эмеспи. Анысысыңары машинанын алдынкы орунунда олтуруп бара жаткан молдоке, шарият сөзүн сүйлөп бара жатып: - Учурда Улуу Аллага шек келтиргендердин саны арбыды. Жанагы химия деген сабакты балдарга такыр эле окутуунун кереги жок. Анткени аны окуган бала шарият жол бербеген ишке барат, - деди эле, айдоочу: - Молдоке, азыр илгерки басмачылардын учуру, караңгылыктын заманы өткөн. Мезгилдин агымына жараша жашаш керек да. Эгер химия сабагы болбосо сиз минтип азыр машина менен эмес, ат менен жүрмөксүз, ушунча алыс жолду. Ар бир сабактын адамга пайдасы тийе турган үчүн окутуп жатышпайбы. Сизди эле алалы. Машинаңыз бар. Эгер ал машина бузулуп калса, албетте оңдогонго ашыгасыз. Оңдош үчүн химиянын, физиканын дагы кереги тийет. Анткени ар бир элементтин машинада да орду болот, мисалы тосолду эле алалы, ага химиялык зат кошулбаса, аны кантип жасоого болот эле. Бул жерден илим жолу менен диндин жолун сиз чаташтырып жатасыз. Сөз бир топко талашка түштү да, акыры айдоочу башын чайкап: - Бул - дин адамдарын такыр түшүнүп болбойт. Сөздү толук түшүнбөй эле талаша берген жагы бар. Тиги башка динге өткөндөр дагы сөз жебейт, - деп, молдого теңелгиси келбей, берилген суроого дагы жооп бербей койду. Шүкүр бул жерден молдонун калыстыгы жок сөз сүйлөгөнүн баамдап олтуруп, акырын гана: - Молдоке, сиз такыр туура эмес айтып жатасыз. Эгер сиздин сөзүңүз туура болсо, кайсы динге берилген адам ушул биз түшүп бара жаткандай машина жасады. Көп сүйлөгөн адамдардын колуна эч иш келбейт. Ар бир адам Кудайды бир гана көкүрөктөн издеш керек, ар бир кишиге сын айтпай, - деди эле, жаш баладан мындай таасын кеп угам деп ойлобогон Алим молдо, эч сөз сүйлөбөй эле олтуруп калды. Шаарга келгенге чейин жакшы маанайда келишип, аз калганда молдоке жакшы маанайды кайдагы бир даабат сөзү менен өзүнүн билгенин бербей айтып жатып такыр бузуп салды. Айдоочу дагы молдону жактырбай калганын жүзүнөн билгизип, такыр үн дебей койду. Ооба, ар ким өзүнүн оюн туура деп кеп козгой берет эмеспи. Молдо кичине болсо дагы артка чегинип, калыс айтылган сөзгө муюп койгондо мындай болмок эмес. "Эки жакшы жолукса кудалашып коштошот, эки жаман жолукса кубалашып коштошот" - дегендей, айдоочу качан гана молдо жолдо түшүп калганда үшкүрүнүп алды да, аны жаман көрүп калганын билгизип: - Азыркы таксырларга такыр түшүнүп болбойт. Эч нерсе билбеген адам баардык нерсеге ишене берет. Азыркы молдолор дагы ар ким айткан сөзгө ишене беришип, диндин жолун дагы булгап бүтүштү. Ооба, "шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары - патриотизм" - деп айтылган сөз бар. Молдоке калп эле диндин патриоту болгону менен эч бир көзгө илине тургандай иш бүтүргөнүн укканым жок. Анан минтип тилинен чаң чыгара шарият айтканды ага ким коюптур, - деп, ага болгон жек көрүүсүн ушул сөздөр менен сыртка чыгарып алды. Шүкүр авто бекеттен түшүп дароо эле Урмат досуна жолукканга ашыкты. Аттиң, ашыктыктын шаштырганы ай, эгер шаарга өз иштери менен келген болсо, анда мынчалык шашпайт эле. Бир гана жүрөккө тынчтык бербеген арзуунун азабы минтип шашканга түрткү берип, аз жерден машинага дагы урунуп ала жаздады. Тоо булагындай таза сезими менен алга умтулуп, Урмат жашаган жерге келсе, ал оңдой берди болуп үйүндө экен. Бирок цехте иштебей калганын жолукканда айтты. Урмат айылга кетип, кайра келгенде, технолог иштен четтетип салган болучу. Эки дос кучакташып, көкүрөк тийиштирип учурашкан соң эле, дароо сөз өңүтү Азизага бурулду. Шүкүр эбин келтирип: - Досум, мени Азизага жолуктур. Эгер тил табышып кала турган болсом, айылга алып кетем. Бул сөздү айтканда эмнегедир үнү каргылданып кетти. Ал эми уккан кулагына ишенбегендей Урмат таң калып: - Чын элеби? - деп элейген түр менен суроо берип калды эле, Шүкүр бир ооз сөз менен гана: - Мен сага качан калп айтчу элем? - деп кыска гана жооп берип койду. Бул убакта кеч кирип калган эле. Экөө дароо такси кармап, Азиза иштеген цехке келгенде Урмат боюн жашырып: - Шүкүр, менин көрүнбөй эле койгонум оң. Иштен кетээрде технолог менен кайым айтыша кеткен болчумун. Азыр анын көзүнө чалдыккым келбей турат. Сен бул эшик менен кирсең биринчи эшик технологдун бөлмөсү. Андан сурасаң сага Азизаны чакырып берет. Азизанын дагы көзүнөн учуп жүрсөң керек. Шүкүр сөздү аягына чейин укпай эле, жүрөгү бат-бат согуп, сүрдөп дагы алды. Анткени качантан берки жүрөк эңсеген адамына жолукканы жатпайбы. Кадамы шилтенбей эшикке жаңы гана жеткенде ичкериден технолог бөлмөсүнөн өзү чыгып калды эле, Шүкүр калдастап: - Саламатсызбы, - деп учурашкан болду. Жылдыз берилген саламды алик алып, сага ким керек эле дегенсип суроолуу карап, жооп күтүп туруп калды. Шүкүр кантсе да элеттин тарбиясын алган да. Сыпаалыгынан жазбай: - Эже, мүмкүн болсо Азизаны чакырып коёсузбу, жолугууга атайын айылдан келдим эле. Айылдан келгенин айтпай деле койсо болмок. Азизаны чакырып бербей коёбу деп ойлоп жиберип, оозунан бул сөздү чыгарып жиберди. Жылдыз, Шүкүрдүн убара болгонун эске алып: - Кап, сен дайынын билип алып келсең болмок экен. Ал азыр иште жок, эртең келет. Эртең менен келсең жолуга аласың. Кабатыр болбо, мен ага сенин издеп келгениңди айтып коём деди. Шүкүр башын ийкеп коштошту да, сууга түшүп калган чычкандай шалдырап басып сыртка чыкты. Чыдамы кетип күтүп жаткан Урмат дароо эле суроо берип калды: - Ой, сага эмне болду деги? - деп. Шүкүр кабагы салыңкы, бир топко берилген суроону жоопсуз калтырып: - Ал ишке чыкпаптыр. Эртең келет имиш. Эми эртеңкиге чейин мен чыдабайм го. Баса, сен анын үйүн билем дебедиң беле, жүрү үйүнө барып жолугабыз? Айткандай ал үйүндө болсо кайра жакшы да, ээн-эркин жолукканга. Бул сунушту Урмат жактыра берген жок. Үйүнө караңгыда баргандыктан кайсы көчөдө экенин толук билбей калганын эске алып: - Досум, үйүн азыр караңгы кирип кетти, таап бара албайм. Андан көрө эртең мында эле келгенибиз оң. Азыр биздин үйгө конуп ал. Алгач Кудайберген базарына барабыз, анан түшкө маал Азизага барып жолугуп, макул болсо айылга алып кете беребиз, такси кармап алып. Шүкүр шаабайы сууп: - Аттиң, мен өзүмдү бүгүн Азизага жолугам деп даярдап алган элем да. Эми болбостур. Деги эртең ага жолугуп караанын көрсөм экен. Билбейм, ушул жашка чыкканы деле кызга берилип көргөн эмес элем, Азиза өзү менен бирге менин жүрөгүмдүн теңин алып калса керек. Эмне эле балдар сүйүү ырын боздоп ырдашат десе, көрсө бул сүйүү деген немең адамды тим эле мите курттай гана жейт белем. Уктасам уйкум тынч эмес, ойгонсом оюм ордунда эмес. Деги мен бул кызга кайсы күнү жолугуп, кантип аны арзып калдым билбейм. Карасам көчө толо кыз, айылда деле ак маралдай кериле баскан кыздар толтура, анын баарына жүрөк жакындатпай койду. Башка кыздар менен сүйлөшүп деле көрдүм, такыр Азиза оюмдан кетпейт десең. Балким менин башымды айлантып алганбы, билбейм? Урмат күлүп: - Шүкүр "сүйүү" - деген ушунусу менен кызык да. Болбосо сүйүүнү эч ким баалабайт болучу. Бул илдет бир гана сенин башыңа келген жок. Көчөдө эч кимди көзгө илбей өбүшкөндөр, сүйүүнүн ашкере фанаттары. Болбосо улуу кичүүдөн уялышат эле го. Чынын айтканда илгеркилердин сүйүүсүн "сүйүү" - деп айтса жарашат. Алар канчалык сүйүүгө берилишкен күндө дагы бир гана жүрөк менен сүйлөшүп, көз караш менен гана сагынычтарын тараткан. Бул сүйүүң деле жеткенге чейин барктуу болсо керек. Бакыт байкемди билесиң да. Жеңемди алганга чейин тим эле илдетке кабылган адамдай тамак жүрөгүнө баспай, бир гана суу ичип кабагы ачылбай калган. Анан атам болгон малын сатып, калыңды камдап алып берген. Эми азыр карасаң жеңем экөө ит менен мышыктай ыркырашып эле урушуп турушат. Бүгүн барсаң көрөсүң, экөөнүн жашоосун. Шүкүр башын чайкап: - Кап, Бакыт байкеники туура эмес. Ошончо сүйүп алган соң бекер кылган экен, урушканга жол ачып. Эгер мен Азизага үйлөнүп кала турган болсом такыр ага кол көтөрмөк турсун, жаман сөз айтпайм. Эки дос бул темада бир топко талашып - тартышты, акыры үйгө келишкенден соң гана сөздү башка темага бурушту. Чын эле Урматтын жеңеси сулуу келин экен, эркек сүйгөндөй чырайына Шүкүр көз агыта карап алып "ушул келин кантип урушсун" - деп ойлоп койду. Аңгыча эле бир жагына ооп, көзүн ачып-жумуп мас абалда Бакыт сырттан кирип келип: - Эй, катын, үйдөсүңбү?! -деди. Абетте жаш келинге "катын" деп кайрылган оозго жарашпайт дагы, кулакка жат угулат. Шүкүр олтурган ордунан туруп салам берди эле, Бакыт тааныган соң гана: - Кел иним, качан келдиң? - деген болду, булдуруктап. Бир топко калжырап олтуруп уктап калганда Урмат акырын жетелеп барып жаткызып келди. Сырга бир жаштагы баласына тамак берген соң, көз карашы менен билгизди "ушул байкеңерге түтүп жашап жүрөм" - деген сөздү. Ооба, эки жыл илгери эле Сырга боюна караган, шыңга бойлуу, аркар шыйрак, кымча бел кыз эле. Эми минтип бир алкаштын аялы болуп, ар тараптуу айтылган сөзгө бышык кулак болгонун, жашоонун жүгүн артынып кой маарээк тартып, үйрөтүлгөн жылкы баласындай жоошуп, баарына кайыл болуп жашап жатканын чарчаган көз карашы билгизип турду. Шүкүр таңды таң атканга чейин Урматтын жеңеси тууралуу ойлонуп чыкты. Анткени ал алигидей чырайы менен кордук көрчү жан эмес экенин сын көз караш менен карап, ал ургаачыдан чанда бир жаралчу аял заты экенин баскан-турганынан билди. Аттиң, эгер бир жакшы жигитке чыкканда, кыргызга керек уул төрөп берчү аял затындай көзүнө көрүнүп кетти. Атасы кээде айтып калат "кээ бир аялдардын күйөөлөрү начар чыгып калып, кор болгондору менин зээнимди кейитет" - деп. Айткандай чын эле жакшы кыздардын жолун, тийген күйөөрү бууп салганына турмуш өзү күбө эмеспи. Эртең менен Шүкүр эрте ойгонду. Ойгонсо Сырга күйөөсү Бакытты кууруп жатыптыр: - Деги сен кандай адамсың?! Кечинде тиги конок баладан уялганымды айтпа! Биздин үйгө киши келеби же ичкен арагың менен үйгө киши келтирбейсиңби? Бакыт эч сөз жок мугалимдин урушун уккан окуучудай мелтиреп олтурганын ички үйдөн чыгып келе жатып Шүкүр байкап калды. Ооба, кечинде эле арстан болуп аркырап жатпады беле, эми коён болуп тилин жутуп алгансып үн дебейт десең. Кайра Сырга кыр көргөзүп, "эми кезек мага келди" деген таризде сөз менен куруганына таң калды. Анткени момураган Сыргадан мындай ачуу сөздөрдү угам деп оюна да алган эмес. Көрсө бул жалганда "эрди катын урушат, эси жок адам болушат" - деп айтылган сөз бекер жерден чыкпаганына экөөнүн жоругун эле мисалга алсак болот. Шүкүр дагы бир жолу жашоонун сыртка чыкпаган сырына күбө болду. Экөөнү эч ким ойлобойт "сүйүшүп жүрүп үйлөнгөн" - деп. Болбосо жок дегенде сүйүүнү беш, он жыл баалашат эле го, минтип ачуу тилдерин агытпай. Урмат турган соң гана таңкы наарды таткан болуп, экөө иштерин бүтүрүү үчүн үйдөн чыгып кетишти. Жолдо келе жатканда Шүкүр: - Бакыт байке чын эле жеңеңди сүйүп алды беле? - дегенде, ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып, Урмат: - Байкадыңбы, экөөнүн мамилесин. Андан дагы кафеден той бергенибизди айтпа. Чынын айтсам апам дагы, атам дагы бул үйгө келишпейт, анткени экөөнүн уруштары эч качан түгөнбөйт. Былтыр тиги кичине баланы бешикке салганы келгенде чоң чыр болуп, ошондон кийин бул үйгө эч ким келгис болгон. Болгону мен гана келем. Сөз ушуну менен үзүлдү, анткени маршрутка келип калды. #ТалашкаТушконТигуучу
Журоктогу Сырлар!!!
ТАЛАШКА ТУШКОН ТИГУУЧУ 5-БОЛУМ
**********
Тоо этегинде жайгашкан чакан айыл. Элет жериндеги жашоонун шаңы таң эрте башталат эмеспи. Күздүн күнкү эгин жыйноо учуру. Кампада кишинин саны көп. Айыл өкмөтүнүн имаратынын тегереги таң эрте элге толгон. Анткени эгин чапкан комбайындын кезегине туруу эле чоң иш. Мамыт бүгүн үчүнчү күн, комбайындын кезегине турганына. Шүкүр болсо талаада, эгинди кайтарып, тоодон эрте түшкөн кээ бир жылкылар тебелеп кетпесин деп сак-сактап карап жүрөт. Ал эми чөптөр эбак эле чабылып, талаа ачылып калган. Шүкүр үчүн убакыт өтпөй койду. Анткени атасы айткан эле да "эгин чабылып калса шаарга барып кел" - деп. Чынын айтканда шаарга бир гана Азизага жолугуу үчүн келгенге бел байлады. Болбосо көрүп кетпеди беле шаардын жашоосун. Айылдагыдай ээн эркин баса албаса же бир жакын тууганы болбосо, акчага гана күч келтиргени шаарга келбесе, башка жасай турган деле иши жок. Бул жолу атасы эски тракторуна бир тетик алып кел деп гана жиберип жатат. Ага өзү деле келмек, Сыртпай досунун жоругун угуп алып эле ага карата ичи кирдеп, Шүкүрдү жибергени жатат. Андан дагы Шүкүр эки жолу шаарга барып келүү үчүн суранганын эске алды. Сөзүнүн аягында билгизип алган "бирөөнө жолуга келиш да керек болуп жатат" - деп. Бул айтылган сөз менен эле Мамыт уулунун абалын билген болучу. Ата кантип баланын сөзүнө түшүнбөйт. Бала канчалык сыр жашыргысы келген күндө дагы ата менен эне, эмне болгон күндө да баары бир билип койгон бул жашоонун мыйзамы.
Шүкүр чыдамы кете күттү, комбайындын келишин. Анткени эгин чабылса эле шаарга бармак. Ичтен жеген санаа акыркы кездерде чыдамын түгөтүп бара жаткан. Убакыт түшкө жакындап калган кезде, көптөн күткөн комбайын талаага келди. Бул Шүкүр үчүн тим эле абдан чоң кубанычты тартуулады го, Азизага жолугуп жаткандай. Ооба, бул кубанычтын артында албетте Азизага жолугууга жол ачылды деген сөз жатканын танып болбойт болучу.
Комбайын айдаган Сүкүнүн бою тартайып узун, андан калса шашпаган бир адаты бар. Анын ар бир кыймылына көз салып турган Шүкүрдүн ичи бышып кетти. Ан сайын улам комбайындын кампасы какап, бат-баттан токтойт десең. Анткен менен баягы союз учурундагы эскилиги жеткен комбайынга дагы жакшы, ушунча иштеп берип жатканына. Кечки алтыларда гана чабылып бүткөн эгинди кампага төгүшкөндө, Шүкүр оор үшкүрүнүп алды. Ооба, ар бир иштин кыйынчылыгы бар эмеспи. Ушул үшкүрүк менен эмне деген гана кыйынчылыктар арта калганын билүүгө болот. Эми эки күндө эгинди тазалап, ичкери киргизишсе, жумуш бүтөт. Анан шаарга жөнөгөнгө туура келет. Таттуу кыял менен жакшы ойго алаксыгандын өзү бакыт экенин жашырып болбойт го. Шүкүр үчүн түн бир оокумуна чейин уктай албай Азизаны ойлоп жаткан көнүмүш ишке айланган. Кыялында ага үйлөнсө, анын жарашыктуу чачынан сылап, кучагында эркелетип жатса, аппак болгон узун моюнуна колун артып, экөө келечек жөнүндө сүйлөшүп, жакшы бийик кылып там салгандарынан бери кыялданганы, айылдан сагынычы тараганы адатка айланган. Ооба, сүйүү дайыма жакшы тилектерге, жакшы ойлордун кучагына, таттуу кыялдарга жетелейт эмеспи. Ошол себептен "сүйүүнүн бир мүнөтү, бүтүндөй бир турмушту ичине камтыйт" - деп бекеринен айтылбаса керек. Сүйүү үчүн акындар эмне деген гана ырларды жаратпады, ойчулдар таамай сөздөрдү айтып кеткени, сүрөтчүлөр карагандан көз тажабаган чыгарма жаратканы, актёрлордун жигине жеткире аткарган ролдору, жазуучунун сөз менен жеткизе жазган чыгармасынын баары, барып эле сүйүүгө такалат жана такалып келген. Кайсы бир философ айткан экен "сүйүүсүз жашоо супсак" - деп. Албетте өзгөчө жаш кезде сүйүүсүз жашоо чын эле супсак болорун ким тана алат. Ооба, тырмактай таштын дагы тарыхы болгондой, ар бир башка келген аруу сезимдин дагы тарыхы болорун биле жүргөнүбүз абзел. Анысысыңары ар бир адам баскан изин унутпай, алдыдагы басаар жолун билген адам көрөгөч болоруна турмуш күбө. Шүкүр басып өткөн жолун дайыма кайра басып албаганга аракети күч болуп келет.
Убакыт жетип эртең шаарга барам деген түнү Шүкүр таңды-таң атканча уйку бетин көргөн жок. Көз алдынан бир гана Азиза кетпей, аны менен кыялында гана сүйлөшүп жатты. Таң кулөнөк атып келе жатканда гана көзү илинген Шүкүрдү апасы Бермет ойготту. Эненин эмгеги, баамчылдыгына эмне жетет. Бермет, Шүкүрдүн оюн билгенсип, жанына аярлап турду да анан:
- Уулум, мен баарын билем. Эгер сүйлөшкөн кызыңа жолугуп, оюң орундалып калса аны алып келе бер. Атаң дагы айтты "үйлөнсө үйлөнө берсин" - деп. Сенин санааңды бир мен эле эмес, атаң дагы байкап калган өңдүү. Колуңдан келсе ал кызыңды алып кел. Кудага барганга шарт болуп турат деди. Мындай сөздү күтпөгөн Шүкүр таң калып:
- Апа, чын эле мага азыр үйлөнгөнгө болобу? - деди эле, Бермет күлө карап:
- Балам кызыксың го? Сенин канча курбуң үйлөндү. Аларды деле мисалга алсаң болот да. Сен эрте үйлөнсөң, биз эрте неберелүү болобуз. Сенин балаңды эркелетип атаң экөөбүз баарын унутабыз да. Шүкүр жаздыктан башын көтөрүп:
- Апа, шаардык кыз айылга көнбөйт го? - деди эле Бермет:
- Балам, эгер ал кыздын сага көңүлү болсо, сени менен керек болсо тоонун башына барып жашаганга макул болот. Аял затынын сүйүүсү күчтүү, ошол себептен эркекти ээрчип, баарына кайыл болуп Америкага чейин деле кетип жатышпайбы. Колуңдан келсе аял алып келгендей бол. Сен үйлөнсөң, андан кийин машина алабыз деп атаң даярданып жатат. Тиги сырттагы тракторду бирөө сатып алам деп келиптир, баасы келишпей жатат окшойт. Сен бузулган тетигин алып келсең, ал киши келип алып кетет го... Баягы он алты асый болгон бээни дагы сатам дейт. Кыскасы сен жакшылыкты токтотпой аял алып келип калсаң, баары жакшы жагына оойт, - деп айтып сыртка чыгып кетти. Шүкүрдүн эми оюу такыр башка жакка ооду. Чын эле Азизаны алып келсе, анда кандай жакшы болот эле. Бир азга төшөктөн турбай жатты да, анан туруп кийине баштаганда иниси баш бакты:
- Байке, болуңуз, сизди шаарга кете турган таксист даяр болуп турсун деп, Бейшенаалы байкени салып келгени кетти. Апам дагы чай ичип алсын деп шаштырып жатат.
Шүкүр эми кыймылын тездетип, сыртка чыкты. Жашоодогу ар бир шилтенген кадам, ирмелген карек, сүйлөнгөн сөз, күлгөн күлкү, ырдаган үн бул жашоо жаңырыгы. Улуу Алла жаратканда керек болсо, көзгө көрүнбөгөн жандыкка дагы ырыскы бөлгөнү жалганбы. Ал эми адам баласын жаратканда баарынан артык кылып акыл берип, баардык нерсеге жөндөмдүү кылып койгону бул эмне деген керемет. Ойго келбеген космоско чейин учуп барган адамдын колунан эмне келбейт. Ким ойлоптур төрт дөңгөлөктүү машина ушунча алыс жолду эч чарчабай басып өтөрүн. Эгер мындан бир же эки кылым илгери көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбыз тирилип келип калса, машинаны көрүп эле таң калып калмак чыгар. Айткандай трактор жаңы чыккан кезде жылкы баласындай көрүп, алдынан чепкенин жамынып жатып алып "үркүтөм" деп тебеленип кала жаздаганы эле караңгылыктан белги берет эмеспи. Анысысыңары машинанын алдынкы орунунда олтуруп бара жаткан молдоке, шарият сөзүн сүйлөп бара жатып:
- Учурда Улуу Аллага шек келтиргендердин саны арбыды. Жанагы химия деген сабакты балдарга такыр эле окутуунун кереги жок. Анткени аны окуган бала шарият жол бербеген ишке барат, - деди эле, айдоочу:
- Молдоке, азыр илгерки басмачылардын учуру, караңгылыктын заманы өткөн. Мезгилдин агымына жараша жашаш керек да. Эгер химия сабагы болбосо сиз минтип азыр машина менен эмес, ат менен жүрмөксүз, ушунча алыс жолду. Ар бир сабактын адамга пайдасы тийе турган үчүн окутуп жатышпайбы. Сизди эле алалы. Машинаңыз бар. Эгер ал машина бузулуп калса, албетте оңдогонго ашыгасыз. Оңдош үчүн химиянын, физиканын дагы кереги тийет. Анткени ар бир элементтин машинада да орду болот, мисалы тосолду эле алалы, ага химиялык зат кошулбаса, аны кантип жасоого болот эле. Бул жерден илим жолу менен диндин жолун сиз чаташтырып жатасыз. Сөз бир топко талашка түштү да, акыры айдоочу башын чайкап:
- Бул - дин адамдарын такыр түшүнүп болбойт. Сөздү толук түшүнбөй эле талаша берген жагы бар. Тиги башка динге өткөндөр дагы сөз жебейт, - деп, молдого теңелгиси келбей, берилген суроого дагы жооп бербей койду. Шүкүр бул жерден молдонун калыстыгы жок сөз сүйлөгөнүн баамдап олтуруп, акырын гана:
- Молдоке, сиз такыр туура эмес айтып жатасыз. Эгер сиздин сөзүңүз туура болсо, кайсы динге берилген адам ушул биз түшүп бара жаткандай машина жасады. Көп сүйлөгөн адамдардын колуна эч иш келбейт. Ар бир адам Кудайды бир гана көкүрөктөн издеш керек, ар бир кишиге сын айтпай, - деди эле, жаш баладан мындай таасын кеп угам деп ойлобогон Алим молдо, эч сөз сүйлөбөй эле олтуруп калды.
Шаарга келгенге чейин жакшы маанайда келишип, аз калганда молдоке жакшы маанайды кайдагы бир даабат сөзү менен өзүнүн билгенин бербей айтып жатып такыр бузуп салды. Айдоочу дагы молдону жактырбай калганын жүзүнөн билгизип, такыр үн дебей койду. Ооба, ар ким өзүнүн оюн туура деп кеп козгой берет эмеспи. Молдо кичине болсо дагы артка чегинип, калыс айтылган сөзгө муюп койгондо мындай болмок эмес. "Эки жакшы жолукса кудалашып коштошот, эки жаман жолукса кубалашып коштошот" - дегендей, айдоочу качан гана молдо жолдо түшүп калганда үшкүрүнүп алды да, аны жаман көрүп калганын билгизип:
- Азыркы таксырларга такыр түшүнүп болбойт. Эч нерсе билбеген адам баардык нерсеге ишене берет. Азыркы молдолор дагы ар ким айткан сөзгө ишене беришип, диндин жолун дагы булгап бүтүштү. Ооба, "шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары - патриотизм" - деп айтылган сөз бар. Молдоке калп эле диндин патриоту болгону менен эч бир көзгө илине тургандай иш бүтүргөнүн укканым жок. Анан минтип тилинен чаң чыгара шарият айтканды ага ким коюптур, - деп, ага болгон жек көрүүсүн ушул сөздөр менен сыртка чыгарып алды.
Шүкүр авто бекеттен түшүп дароо эле Урмат досуна жолукканга ашыкты. Аттиң, ашыктыктын шаштырганы ай, эгер шаарга өз иштери менен келген болсо, анда мынчалык шашпайт эле. Бир гана жүрөккө тынчтык бербеген арзуунун азабы минтип шашканга түрткү берип, аз жерден машинага дагы урунуп ала жаздады. Тоо булагындай таза сезими менен алга умтулуп, Урмат жашаган жерге келсе, ал оңдой берди болуп үйүндө экен. Бирок цехте иштебей калганын жолукканда айтты. Урмат айылга кетип, кайра келгенде, технолог иштен четтетип салган болучу.
Эки дос кучакташып, көкүрөк тийиштирип учурашкан соң эле, дароо сөз өңүтү Азизага бурулду. Шүкүр эбин келтирип:
- Досум, мени Азизага жолуктур. Эгер тил табышып кала турган болсом, айылга алып кетем. Бул сөздү айтканда эмнегедир үнү каргылданып кетти. Ал эми уккан кулагына ишенбегендей Урмат таң калып:
- Чын элеби? - деп элейген түр менен суроо берип калды эле, Шүкүр бир ооз сөз менен гана:
- Мен сага качан калп айтчу элем? - деп кыска гана жооп берип койду. Бул убакта кеч кирип калган эле. Экөө дароо такси кармап, Азиза иштеген цехке келгенде Урмат боюн жашырып:
- Шүкүр, менин көрүнбөй эле койгонум оң. Иштен кетээрде технолог менен кайым айтыша кеткен болчумун. Азыр анын көзүнө чалдыккым келбей турат. Сен бул эшик менен кирсең биринчи эшик технологдун бөлмөсү. Андан сурасаң сага Азизаны чакырып берет. Азизанын дагы көзүнөн учуп жүрсөң керек. Шүкүр сөздү аягына чейин укпай эле, жүрөгү бат-бат согуп, сүрдөп дагы алды. Анткени качантан берки жүрөк эңсеген адамына жолукканы жатпайбы. Кадамы шилтенбей эшикке жаңы гана жеткенде ичкериден технолог бөлмөсүнөн өзү чыгып калды эле, Шүкүр калдастап:
- Саламатсызбы, - деп учурашкан болду. Жылдыз берилген саламды алик алып, сага ким керек эле дегенсип суроолуу карап, жооп күтүп туруп калды. Шүкүр кантсе да элеттин тарбиясын алган да. Сыпаалыгынан жазбай:
- Эже, мүмкүн болсо Азизаны чакырып коёсузбу, жолугууга атайын айылдан келдим эле. Айылдан келгенин айтпай деле койсо болмок. Азизаны чакырып бербей коёбу деп ойлоп жиберип, оозунан бул сөздү чыгарып жиберди. Жылдыз, Шүкүрдүн убара болгонун эске алып:
- Кап, сен дайынын билип алып келсең болмок экен. Ал азыр иште жок, эртең келет. Эртең менен келсең жолуга аласың. Кабатыр болбо, мен ага сенин издеп келгениңди айтып коём деди. Шүкүр башын ийкеп коштошту да, сууга түшүп калган чычкандай шалдырап басып сыртка чыкты. Чыдамы кетип күтүп жаткан Урмат дароо эле суроо берип калды:
- Ой, сага эмне болду деги? - деп. Шүкүр кабагы салыңкы, бир топко берилген суроону жоопсуз калтырып:
- Ал ишке чыкпаптыр. Эртең келет имиш. Эми эртеңкиге чейин мен чыдабайм го. Баса, сен анын үйүн билем дебедиң беле, жүрү үйүнө барып жолугабыз? Айткандай ал үйүндө болсо кайра жакшы да, ээн-эркин жолукканга. Бул сунушту Урмат жактыра берген жок. Үйүнө караңгыда баргандыктан кайсы көчөдө экенин толук билбей калганын эске алып:
- Досум, үйүн азыр караңгы кирип кетти, таап бара албайм. Андан көрө эртең мында эле келгенибиз оң. Азыр биздин үйгө конуп ал. Алгач Кудайберген базарына барабыз, анан түшкө маал Азизага барып жолугуп, макул болсо айылга алып кете беребиз, такси кармап алып.
Шүкүр шаабайы сууп:
- Аттиң, мен өзүмдү бүгүн Азизага жолугам деп даярдап алган элем да. Эми болбостур. Деги эртең ага жолугуп караанын көрсөм экен. Билбейм, ушул жашка чыкканы деле кызга берилип көргөн эмес элем, Азиза өзү менен бирге менин жүрөгүмдүн теңин алып калса керек. Эмне эле балдар сүйүү ырын боздоп ырдашат десе, көрсө бул сүйүү деген немең адамды тим эле мите курттай гана жейт белем. Уктасам уйкум тынч эмес, ойгонсом оюм ордунда эмес. Деги мен бул кызга кайсы күнү жолугуп, кантип аны арзып калдым билбейм. Карасам көчө толо кыз, айылда деле ак маралдай кериле баскан кыздар толтура, анын баарына жүрөк жакындатпай койду. Башка кыздар менен сүйлөшүп деле көрдүм, такыр Азиза оюмдан кетпейт десең. Балким менин башымды айлантып алганбы, билбейм?
Урмат күлүп:
- Шүкүр "сүйүү" - деген ушунусу менен кызык да. Болбосо сүйүүнү эч ким баалабайт болучу. Бул илдет бир гана сенин башыңа келген жок. Көчөдө эч кимди көзгө илбей өбүшкөндөр, сүйүүнүн ашкере фанаттары. Болбосо улуу кичүүдөн уялышат эле го. Чынын айтканда илгеркилердин сүйүүсүн "сүйүү" - деп айтса жарашат. Алар канчалык сүйүүгө берилишкен күндө дагы бир гана жүрөк менен сүйлөшүп, көз караш менен гана сагынычтарын тараткан. Бул сүйүүң деле жеткенге чейин барктуу болсо керек. Бакыт байкемди билесиң да. Жеңемди алганга чейин тим эле илдетке кабылган адамдай тамак жүрөгүнө баспай, бир гана суу ичип кабагы ачылбай калган. Анан атам болгон малын сатып, калыңды камдап алып берген. Эми азыр карасаң жеңем экөө ит менен мышыктай ыркырашып эле урушуп турушат. Бүгүн барсаң көрөсүң, экөөнүн жашоосун. Шүкүр башын чайкап:
- Кап, Бакыт байкеники туура эмес. Ошончо сүйүп алган соң бекер кылган экен, урушканга жол ачып. Эгер мен Азизага үйлөнүп кала турган болсом такыр ага кол көтөрмөк турсун, жаман сөз айтпайм. Эки дос бул темада бир топко талашып - тартышты, акыры үйгө келишкенден соң гана сөздү башка темага бурушту.
Чын эле Урматтын жеңеси сулуу келин экен, эркек сүйгөндөй чырайына Шүкүр көз агыта карап алып "ушул келин кантип урушсун" - деп ойлоп койду. Аңгыча эле бир жагына ооп, көзүн ачып-жумуп мас абалда Бакыт сырттан кирип келип:
- Эй, катын, үйдөсүңбү?! -деди. Абетте жаш келинге "катын" деп кайрылган оозго жарашпайт дагы, кулакка жат угулат. Шүкүр олтурган ордунан туруп салам берди эле, Бакыт тааныган соң гана:
- Кел иним, качан келдиң? - деген болду, булдуруктап. Бир топко калжырап олтуруп уктап калганда Урмат акырын жетелеп барып жаткызып келди. Сырга бир жаштагы баласына тамак берген соң, көз карашы менен билгизди "ушул байкеңерге түтүп жашап жүрөм" - деген сөздү. Ооба, эки жыл илгери эле Сырга боюна караган, шыңга бойлуу, аркар шыйрак, кымча бел кыз эле. Эми минтип бир алкаштын аялы болуп, ар тараптуу айтылган сөзгө бышык кулак болгонун, жашоонун жүгүн артынып кой маарээк тартып, үйрөтүлгөн жылкы баласындай жоошуп, баарына кайыл болуп жашап жатканын чарчаган көз карашы билгизип турду.
Шүкүр таңды таң атканга чейин Урматтын жеңеси тууралуу ойлонуп чыкты. Анткени ал алигидей чырайы менен кордук көрчү жан эмес экенин сын көз караш менен карап, ал ургаачыдан чанда бир жаралчу аял заты экенин баскан-турганынан билди. Аттиң, эгер бир жакшы жигитке чыкканда, кыргызга керек уул төрөп берчү аял затындай көзүнө көрүнүп кетти. Атасы кээде айтып калат "кээ бир аялдардын күйөөлөрү начар чыгып калып, кор болгондору менин зээнимди кейитет" - деп. Айткандай чын эле жакшы кыздардын жолун, тийген күйөөрү бууп салганына турмуш өзү күбө эмеспи. Эртең менен Шүкүр эрте ойгонду. Ойгонсо Сырга күйөөсү Бакытты кууруп жатыптыр:
- Деги сен кандай адамсың?! Кечинде тиги конок баладан уялганымды айтпа! Биздин үйгө киши келеби же ичкен арагың менен үйгө киши келтирбейсиңби?
Бакыт эч сөз жок мугалимдин урушун уккан окуучудай мелтиреп олтурганын ички үйдөн чыгып келе жатып Шүкүр байкап калды. Ооба, кечинде эле арстан болуп аркырап жатпады беле, эми коён болуп тилин жутуп алгансып үн дебейт десең. Кайра Сырга кыр көргөзүп, "эми кезек мага келди" деген таризде сөз менен куруганына таң калды. Анткени момураган Сыргадан мындай ачуу сөздөрдү угам деп оюна да алган эмес. Көрсө бул жалганда "эрди катын урушат, эси жок адам болушат" - деп айтылган сөз бекер жерден чыкпаганына экөөнүн жоругун эле мисалга алсак болот. Шүкүр дагы бир жолу жашоонун сыртка чыкпаган сырына күбө болду. Экөөнү эч ким ойлобойт "сүйүшүп жүрүп үйлөнгөн" - деп. Болбосо жок дегенде сүйүүнү беш, он жыл баалашат эле го, минтип ачуу тилдерин агытпай. Урмат турган соң гана таңкы наарды таткан болуп, экөө иштерин бүтүрүү үчүн үйдөн чыгып кетишти. Жолдо келе жатканда Шүкүр:
- Бакыт байке чын эле жеңеңди сүйүп алды беле? - дегенде, ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып, Урмат:
- Байкадыңбы, экөөнүн мамилесин. Андан дагы кафеден той бергенибизди айтпа. Чынын айтсам апам дагы, атам дагы бул үйгө келишпейт, анткени экөөнүн уруштары эч качан түгөнбөйт. Былтыр тиги кичине баланы бешикке салганы келгенде чоң чыр болуп, ошондон кийин бул үйгө эч ким келгис болгон. Болгону мен гана келем. Сөз ушуну менен үзүлдү, анткени маршрутка келип калды.
#ТалашкаТушконТигуучу