Жайыл баатыр ЖАЙЫЛ БААТЫР, Ж а й ы л К о ң у р б

а й у у л у (болжол менен 1692–
1779–80) – солто уруусунун
баатыры. Талкан бийдин небереси.
Атасы Коңурбай дүй¬нөдөн
кайткандан кийин атасынын бир тууганы Кошой бийдин
тар¬бия¬сын алган. Кошой бий
өлүп, кыргыздар Кетмен-Төбөдөн
Чүйгө көчүп келгенден кийин,
жалпы солто уруусун Кебек бий, солто ичиндеги талкан уругун
Жайыл баатыр менен Момокон бийлеген. Кыргыз-казак
чабыштарына (1764–65, 1769,
1773, 1779-ж. ж. б.) катышып,
баатыр атанган. 1779– 80-ж. Жайыл
баатыр болжол менен 88 жашта
болуп, уулдары менен казактардын колуна түшкөнү казак
фольклорунда да эскерилет.
Кыргыздардын оозеки тарыхында
казактар түнкүсүн келип, Садырдын
айылына кол салганын укканда,
уулдары Үсөн, Теке, Итике жана Момокон баатыр менен аттанып,
Корготу суусунун жээгинен
казактарга бет келген. Солтолор
сайышканда, казактар качып
жөнөгөн. Аңгыча Абылайдын өзү баштаган кол арттан чыккан. Аны
кыргыздар жардамга келе жаткан
өзүбүздүн кол деп ойлоп,
камырабай согуша берген. Ошентип,
эки колдун ортосунда калып, бир
тобу өлүп, Жамансарттын кичүү уулу Бөрүбай баатыр баштаган азыраак кыргыз казактарды жарып, аман-
эсен кутулуп чыккан. Жайыл,
уулдары Үсөн, Теке, Итике; Момокон,
Эсиркемиш уулу Мурат ж. б.
сыяктуулар колго түшкөн. Момокон
менен Итикени казактын Жоогач баатыры ортого түшүп, сурап калган.
Калган уулдарына кошулуп, Жайыл
өлүм жазасына буйрулган. Жайыл
баатырдын өлүмүнө байланыштуу
кыргыздар көп жабыр тарткан бул
кыргын кийин тарыхта Жайыл кыргыны деп аталып калган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан
кийин Чүй областындагы Калинин
районнуна Жайыл баатырдын
ысымы ыйгарылып, эстелиги
орнотулган.

Комментарии

  • 22 авг 2014 19:37
    (Y)
  • 10 мар 2016 14:59
    Соогун Чуйдон еч ким барбай койгондо, Асылбаштын Кудаймендесинин Нышаасы алып келген.
  • 25 фев 2018 15:15
    Жайыл баатырдын соогу чуйго келген эмес Меркеде нары 20 чакырымда  эки баласы менен коюлган
  • 16 апр 2018 20:54
    солтолордун жери кеминден жамбылга чейин болгон кеминди сарбагыштарга болуп берген кийинчерек токмоко чейин жайланышып калышкан чаанын убагында же талкан бийдин убагында талкан бий чаанын баласы. Сарбагыштардын жери Тараздан алматыга чейин бол- чу уч алматы деп айтылат, биягы Кочкорго чейин алматаны Орус падышасы басып келип чеп курганда Верный деп аталган кийин казак кыргыздардын чабышы буткондо Ормон хандын баласы Умоталы орустар менен мамиле тузуп сатып салган кийин казактарга отуп кетти